Португалия Иранды жеңе албай тайпада 2-орунду ээледи. Роналду 1/8 финалда Суарес менен кез келет

26-июнга караган түнү Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун алкагында "В" тайпасындагы беттештер орун алат. Саранск шаарындагы "Мордовия Арена" стадионунда Португалия-Иран беттеши өтүүдө.

23:50. Португалиянын курамасынын тизмеси: Руй Патрисиу-Суариш, Пепе, Фонти, Геррейру Куарежма, Карвалью, Адриэн Силва, Жоао Мариу-Андре Силва, Роналду.

23:52. Ирандын курамасынын тизмеси: Бейранванд-Резаян, Хоссейни, Пуралиганжи, Хажсафи-Эззатоллахи-Тареми, Жаханбахш, Эбрахими, Амири-Азмун.

23:58. Эки команданын гимндери жаңырды.

00:00. Беттеш башталды.

00:10. Алгачкы 10 мүнөт португалиялыктардын активдүү чабуулдары менен өттү. Ирандын коргоочулары каталарды кетирүүдө.

00:12. Португалиянын оң жарым коргоочусу топту ирандыктардын айып аянтына узатканда дарбазачы топту кармай албай калды. Бирок португалиялыктар мындан пайдалана алышкан жок.

00:15. 25 метр алыстыктан Роналду тепкенде топ тизилип турган ирандык оюнчуларга тийип, оюн талаасынан чыкты.

00:20. Оюндун биринчи 20 мүнөтүндө Португалия 10го жакын чабуул жасады. Иран контр чабуулдар менен жооп берүүдө.

00:22. Ирандык чабуулчу топ үчүн күрөштө португалиялык дарбазачынын башын тээп алды. Дарбазачыга биринчи жардам көрсөтүлүп, ал оюнду улантууда.

00:25. Оюн ылдамдыгы бир аз басаңдап калды. Ирандыктар толук курам менен коргонууда.

00:32. Португалиянын сол коргоочу этиятсыз ойногону үчүн сары айып кагаз алды.

00:34. Португалиянын айып аянтына узатылган топту ирандык чабуулчу башы менен сүзүп, кооптуу чабуулду жаратты.

00:38. Криштиану Роналду 30 метр алыстыктан катуу сокку узатып, кооптуу абал жаратты. Бирок ирандык дарбазачы туура жайгашкандыктан топто оңой эле колуна кармай алды.

00:44. Го-о-о-о-л!! Португалиялык жарым коргоочу Рикарду Куарежма топту алыстан тээп эсепти ачты.

00:45. Калыс 3 кошумча мүнөт кошту. Португалия позициялык чабуулду улантууда.

00:48. Биринчи тайм аяктады.

01:03. Экинчи тайм башталды.

01:06. Ирандык оюнчу өзүнүн айып аянтында Роналдуга каршы ойноп чалып жыгылтып алды. Калыс видео кайталоону көрүп пенальтини дайындады.

01:07. Роналду пенальтиден киргизе албай калды.

01:10. Ирандык чабуулчу португалиялыктардын айып аянтчасында кулады. Бирок калыс пенальти дайындаган жок. Ал топ үчүн күрөштө эч кандай бузуу болбогонун көрдү.

01:13. Жалгыз голдун автору Рикарду Куарежма атаандаштарынын коргоочусунан өтөм деп бутуна сокку жеди. Бир нече убакыттан кийин ал ошол коргоочудан өчүн алганы үчүн сары айып кагаз менен "сыйланды".

01:16. Португалиялыктардын машыктыруучусу голдун автору Куарежманы алмаштырууну чечти.

01:20. Ирандыктарда гол киргизүүгө жакшы мүмкүнчүлүк болду. Топ штанганын жанынан өтүп дарбазага кирбей калды.

01:24. Топту дээрлик 70 пайыз Португалия курамасы ээлеп жатат. Чабуулдардын саны боюнча да бул команда алдыда. Ирандыктар контр-чабуулдар жана эреже бузуу менен жооп берүүдө.

01:30. Роналду топ үчүн күрөштө атаандашына каршы колу менен ойногон деп калыс ага сары айып кагаз берди.

01:50. Беттештин негизги убактысы жыйынтыкталды. Калыс кошумча 6 мүнөт берди.

01:52. Португалиянын дарбазасына пенальти дайындалды.

01:53. Го-о-л! Ирандыктар эсепти тең кылышты. 1:1

01:55. Оюн аяктады. Ошентип Португалия "В" тайпасында 2-орунду ээлеп, плей-оффто Уругвай менен беттешмекчи. Ал эми Испания Орусия менен кез келет.

Португалия - Иран
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Kairatsadybakasov1994
2018-06-26 00:35:26
португалия алгаааа
+11
Alixan-Nookat.2015
2018-06-26 00:45:42
Португалия 1 гол киргизди гооолл
+8
Azat.97
2018-06-26 00:48:43
Португалия алга
+7
Syimyk.isaev
2018-06-26 00:54:03
Куарежма ишке жарадын!
+6
daniyar93
2018-06-26 01:02:46
Ирандыктарды Жакыныраак кором Алга Ирандыктар Плей Оффко
+6
Alixan-Nookat.2015
2018-06-26 01:10:41
Пенальти Роналдо тебет
0
kilim
2018-06-26 01:24:55
Alixan-Nookat.2015,кана тепкени
+1
Alixan-Nookat.2015
2018-06-26 01:12:24
Роналдо пенальти тебе албай калды
+2
Alixan-Nookat.2015
2018-06-26 01:52:29
1:1 пенальтиден
0
Gumu007
2018-06-26 02:01:37
Роналдо ХХХХХХХХХХХХХХ
-5
arawan
2018-06-26 02:02:49
иранга пенальти бергени туура эмес болуп калды седрик суарестин колуна тийген эмес топ туз эле ылдый тушту го тийген болсо багытын озгортот эле да
+3
Ka4okrys
2018-06-26 02:17:26
Аябай кызыктуу оюн болду Иран ушундай атандаштык жаратат деп ойлогон эмесмин Роналду гол киргизгенде сонун болмок
+2
Milduri
2018-06-26 03:56:44
Португалия тайпасында биринчиге чыккан үчүн Уругвай менен ойнойт да. Иранды жеңе албай дейсиңерда. Иран менен тең чыкты. Уругвай Россияны жеңип тайпасында биринчи орунга чыкты, Португалия дагы тайпасында биринчи орунда. Ошондуктан Португалия Уругвай менен ойнойт. Кудайым буйруса Португалия жеңет финалга чыгып чемпион болот!
+1
Man_Ytd
2018-06-26 06:25:41
Milduri,потугалия 1-орун менен чыкканда россия менен ойномок 2-болуп калды ошондуктан А тайпасынын биринчиси менен ойнойт
+3
aksuu_aduk
2018-06-26 09:54:18
Milduri,футболго тушуносунбу, андай эмес
+1
Adi.Avazbekov
2018-06-26 08:40:18
Иран уйуно кетет кандай эле орусия мн кез келет. Россия мн испания ойнойт.
0
Farm94
2018-06-26 10:23:59
Уругвай Суарес алгаааааа;)
+2
Boobek_5
2018-06-26 15:17:59
Роналдону Ирандын коргоочулары култап салышыптыр.Ирандык капитан мыкты ойноптур.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан