Дональд Трамп АКШда өндүрүлгөн товарлар үчүн бажы салыгын азайтпаган өлкөлөргө санкция жарыяланарын билдирди

АКШ президенти Дональд Трамп америкалык товарларга салынган бажы салыгынын көлөмүн азайтууга чакырды, бул талапты аткарбаган өлкөлөргө санкция жарыяланарын жар салды. Мындай билдирүүнү ал өзүнүн интернеттеги баракчасына жазды.

Анын пикиринде, Вашингтонго карата жарыяланган соода тоскоолдуктары атайын жасалып жатат.

"Биздин өлкөдө өндүрүлгөн товарларга бажы салыгы атайын күчөтүлүүдө, биз соода алакасы адал жүргүзүлүшүн колго алуубуз керек", - дейт АКШ президенти.

Ошону менен бирге Трамп өткөн жылы Кытай менен болгон соода жүргүзүүдөн 500 миллиард доллар чыгымга учураганын айтып, мындан ары эки өлкөнүн соода алакасы жакшырарына үмүттөнөрүн билдирди.

Эске салсак, АКШ президенти Дональд Трамп буга чейин Кытайдын айрым товарларына бажы төлөмүнүн көлөмүн 25 пайызга чейин көтөрүп жиберген. Пекин буга жооп кылып АКШнын товарларына да бажы төлөмдөрүн көтөргөн болчу. Мындан сырткары АКШ ушул жылдын 1-майынан тартып Евробиримдикте өндүрүлгөн болот менен алюминийге карата бажы салыгын жогорулаткан. Евробиримдик буга жооп иретинде АКШдан келген товарларга чектөө коё тургандыгын жар салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Tolkun555
2018-06-26 14:17:59
Ээ ХХХХХХХХ Трамп бир отоло эртен бала болуп алыптыр го
+4
TalaCSKA
2018-06-26 15:37:02
Жаман наглый неме го.
+1
Muzik
2018-06-27 08:49:49
Коркутат го тим эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан