Интернет колдонуучулары Улуу Британиянын премьер-министрин "ичип алган жирафка окшош" деп сынга алышууда

Социалдык түйүндүн колдонуучулары Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэйдин жогорку кызмат адамдары менен учурашкандагы кыймыл-аракетин сындашууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, социалдык түйүндүн колдонуучулары Мэйдин кыймыл-аракетин ичип алган жирафка окшоштурушкан.

"Тереза Мэй Улуу Британия падышалыгынын өкүлдөрү менен жерге ийилип саламдашат. Анын бул аракетин айрымдар сынга алышууда. Сындардын арасында Мэй саламдашуу учурунда ашыкча ийилип алгандыктан башкача көрүнүп кете тургандыгы айтылган. Анын мындай аракетин социалдык тармактарда ичип алган жирафка, алгачкы кадамын таштап жаткан жирафтын баласына жана "Гарри Поттер" чыгармасындагы персонажга окшоштурушууда", - деп жазышкан басылмалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Shaa-82
2018-06-26 10:02:42
Эми ошону деле сындаша береткенда, жон койгула кааласа жатып алып саламдашсын, ар бир адамдын оз эркиго.
0
keba300989
2018-06-26 11:09:11
Shaa-82, биздин чондор ошондой кылса эмне дейт элен
+1
monster_high_98
2018-06-26 12:45:35
keba300989,курсагы тартылып ийилгенге жарап калыптыр демекмин мен
+4
vikidiki
2018-06-26 15:02:36
monster_high_98,супер жооп болду го!
+2
Aikaaaa
2018-06-26 17:01:46
Өзү деле клоундай кийинип алат экен
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан