Мурдагы египеттик футболчу жана машыктыруучу Абдрахим Мухаммед Негм Египет-Сауд Арабия беттешин баяндап жатып каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдиришти.
Маалыматка ылайык, өз кезинде мыкты футболчу болгон Абдрахим Мухаммед Негм каирдик каналдардын бирине Египет-Сауд Арабия оюнун баяндоо үчүн чакырылган. Оюн учурунда Мухаммед Негмдин жүрөгү кармап, тез арада ооруканага жеткирилген. Бирок дарыгерлер аны сактап кала алган эмес.
Абдрахим Мухаммед Негм белгилүү египеттик "Земалек" клубун машыктырган.
Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун 3-турунун алкагында Египет кечээ, 25-июнда Сауд Арабияга 1:2 эсебинде жеңилип калган. Жыйынтыгында Египет группалык баскычта бир да упай топтой албай чемпиондуктан четтеген.