Жалал-Абад облусуна караштуу Кызыл-Ата айылында 2008-жылы мектепти аяктаган классташ балдар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, жалгыз бой энеге үй куруп беришти.
Маалыматты окурман WhatsApp аркылуу "Элдик кабарга" билдирди. Билдирүүгө ылайык, үйлүү болгон эненин күйөөсү каза болуп калган, 2 кызы бар болгону менен алардын үй кура турган шарттары жок, оор абалда жашашат.
"Эне улгайып калганына карабай ар кимдин үйүндө убактылуу жашап күн кечирип жүрчү. Кечээ, 25-июнда айылдагы аялдар топтолуп, ырымын кылып жаңы конушуна жайгаштырышты. Классташтар ортодон акча чогултуп, сапаттуу, чакан үй куруп беришти", - деп жазды окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.