San Alfonso del Mar Resort
Аталган мейманкана Чилиде жайгашып, эң чоң бассейн менен жабдылган. Бассейндин аянты 8 гектарга жетип 250 куб метр деңиз суусу менен толтурулган. Суу түз эле Тынч океандан алынып, тазаланып жана керектүү температурага чейин ысытылып анан берилет. Бул бассейнде сууга гана түшпөстөн кайыктарда да эс алууга болот. 2006-жылы аталган жер дүйнөдөгү эң чоң бассейн деп табылып "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизилген.
Кийинки бассейн Сингапурдагы Marina Bay Sands Hotel мейманканасында жайгашкан. Мейманкана өзгөчө курулган. Анда бир нече бассейн жана бакчалар жайгашкан. Негизги бассейн 55-кабатта жайгашкан. Жерден 200 метр бийиктикте жайгашкан бессейндин четиндеги тосмолор байкалбайт, ошол себептен суу имараттын сыртына агып жаткандай көрүнөт.
Швейцариядагы Кембрий мейманканасы
Чакан жаратылыш коюнунда орун алган мейманкананын өзгөчөлүгү бул жылытып туруучу ачык асман алдындагы бассейн болуп эсептелет. Бассейнде ар кайсы мезгилде сууга түшүүгө мүмкүн. Бассейнге түшүп жаткан эс алуучулар Альпы тоолоруна суктанууга мүмкүнчүлүк алышат.
Балидеги жунгли токойлорунда жайгашкан бул мейманкананын бассейндери адамды суктантпай койбойт. Ар бир кабатка өзүнчө салынган ачык бассейндер өзгөчө дизайнда жасалган. Жалпысынан бул мейманканада 38 бассейн орун алган.