ЖЫЛНААМА, 27-ИЮНЬ: Мындан 57 жыл мурун кыргыз адабиятынын тагдырына жан үрөгөн казак жазуучусу Мухтар Ауэзов көз жумган

Казак жазуучусу, илимпоз, коомдук ишмер, филология илимдеринин доктору Мухтар Ауэзов 1987-жылы 28-сентябрда Семей уездиндеги Чыңгыз болуштугунда (азыркы Чыгыш-Казакстан облусу, Абай району) туулган. 1923-1928-жылдары Ташкент шаарындагы Орто Азия мамлекеттик университетинде, андан кийин Ленинград университетинде 4 жыл билим алып, филология факультетин бүтүргөн.

Ауэзов 1917-жылы “Энлик-Кебек” аттуу алгачкы пьесасын жазган. Анда феодалдык уруучулук түзүлүштүн катаал законунун курманы болгон эки жаштын трагедиялуу махабаты баяндалат. 1926-жылы жазуучунун ушул пьесасы менен Кызыл-Ордодо казактын биринчи улуттук театры ачылган. “Энлик-Кебек” пьесасына удаалаш “Коргоосуз калгандардын тагдыры”, “Ким айыптуу?” “Каралуу сулуу” деген пьесаларын жарыялаган. Ауэзов дүйнөлүк көркөм процесс менен жеткиликтүү тааныштыгы бар ири илимпоздордун бири болгон. Ал орто кылымдагы Күн чыгыш классикасы, казак фольклору жана профессионал адабияты, 19-кылымдагы орус классикасы, Батыш адабияты, көркөм котормо маселелери боюнча өзүнүн баалуу ойлорун ортого салып келген. Анын илимий изилдөөлөрү, сын-макалалары 1959-жылы жарык көргөн "Ар жылкы ойлор" аттуу китебине кирген.

"Абай жолу" роман-эпопеясы

Мухтар Ауэзов Александр Соболев менен 1940-жылы биргелешип жазган "Абай" трагедиясы анын чыгармачылыгындагы кескин бурулушту, тарыхый темага жаңыча түшүнүк менен багыт алганды аныктайт. Бул тарыхый чыгармада Абайдын өмүрүнүн акыркы жылдарына чейин кайрылып, улуу акындын трагедиялуу тагдырын көрсөтөт. Анын талантынын гүлдөгөн учуру "Абай жолу" роман-эпопеясы жарык көргөн жылдарга туш келет. Романдын 1-2-китептери 1949-жылы СССР мамлекеттик сыйлыгына арзыган, ал эми 3-4-китептери Ленин сыйлыгына татыктуу болгон. Бул роман дүйнөдөгү 30дан ашык тилге которулган.

“Манас” эпосу - дүйнөдөгү теңдешсиз океан

Мухтар Ауэзовдун улуу "Манас" эпосун изилдөөгө арналган эмгеги бүткүл союздук илимпоздор чөйрөсүнө кеңири белгилүү. Ал кыргыз адабиятынын тагдырына өз тагдырына күйгөндөй мамиле кылган. Айрыкча, ал кыргыз элинин теңдешсиз чыгармасы, баа жеткис улуу мурасы, сыймыгы болгон "Манас" эпосун өмүр бою изилдеп, "Манас" эпосу - дүйнөдөгү теңдешсиз океан поэзия экенин тааныттым" деп жазып кеткен.

Улуу окумуштуу, 20-кылымдын залкар сүрөткери Мухтар Ауэзов 1961-жылы 27-июнда көз жумган. Сөөгү Алматыга коюлган.

27-июнга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан