Кыргыз мушкер Азат Үсөналиев Монголияда өткөн бокс боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Ulanbaatar Cup-2018 аталышындагы мелдеш 19-25-июнь аралыганда өтүп, ага Монголия, Казакстан, Орусия, Кытай, Индия, Тайбэй, Иран, Түштүк Корея жана Кыргыз Республикасынын спортчулары катышкан.
Азат Үсөналиев 52 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, алгачкы беттеште түштүк кореялык мушкерди 4:1 эсеби менен жеңип, жарым финалда Монголиянын мушкерин утуп алды. Финалдык беттеште Азат Үсөналиев дагы бир түштүк кореялык спортчу менен күч сынашты. Үсөналиевдин атаандашы 3-раундда беттешти улантуудан баш тартып, Кыргыз мушкер алтын медалдын ээси болду.
Эске салсак, буга чейин Азат Үсөналиев Орусияда өткөн бокс боюнча эл аралык мелдеште алтын медаль тагынган.