Дүйнө чемпиондугунун плей-офф баскычында оюнга бериле турган топ жарыяланды

Дүйнө чемпиондугунун плей-офф баскычында оюнга бериле турган топ жарыяланды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Эл аралык футбол федерациясы жана "Adidas" компаниясы плей-офф баскычына арналган топту коомчулукка көрсөттү. "Telstar Mechta" деп аталган топ тайпалык баскычта ойнолгон Telstar 18 тобуна окшош. Бирок анын өзгөчөлүгү аны жасоодо колдонгон түстөрдө.
Топтун Mechta (кыял) деген аты алдыга умтулууну, максатка жете билүүнү түшүндүрөт. Өндүрүшчүлөрдүн айтымында аталган топ дүйнөдөгү эң мыкты футболисттердин сынынан өткөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан