Бүгүн, 26-июнда Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынын акыркы туру уланат. Анда "С" тайпасынын алкагында Москванын "Лужники" стадионунда Дания-Франция беттеши орун алат. Беттеш Бишкек убактысы боюнча 20:00дө старт алып, беттештин башкы калысы Сандро Риччи (Бразилия) болот.
19:30. Дания курамасынын тизмеси:
19:33. Франция курамасынын тизмеси:
19:35. Учурда командалар беттешке даярдык көрүүдө.
19:53. Командалар оюн талаасына чыгууда. Алгач Даниянын гимни жаңырат.
19:57. Франциянын гимни жаңырып, командалар беттешти баштоого даяр.
19:58. Топту оюнга алгач Франция курамасы кошот.
20:00. Калыс беттешке старт берди.
20:01. Франция командасы алгачкы мүнөттөрдөн топко көзөмөл кылып, чабуулга чыгуу аракетин көрүүдө.
20:02. Антуан Гризман атаандашынын бөлүгүндө эреже бузду. Топ даниялыктарда.
20:03. Мартин Брайтвайт Франциянын айып аянтчасына кирип келип, бирок сокку узатканга жетишпей калды. Даниялыктар кооптуу абалды жаратты.
20:04. Франция жай ыргак менен позициялык чабуулга чыгуу аракетин көрүүдө.
20:05. Кайрадан Брайтвайт Франциянын коргоо бөлүгүн алдап өттү. Ал айып аянтчага кирип келип сокку узаткан, бирок коргоочу бутун тосуп топ талаадан чыгып кетти.
20:06. Симон Кьер 11 метр аралыктан топту дарбазага багыттады. Бирок таамай боло алган жок.
20:07. Н'Голо Канте айып аянтчага чыгарып берүү жасады, бирок топко алгач дарбазачы жетти.
20:08. Кайрадан эле франциялыктар топту өзүнүн карамагына алууда. Буга чейинки чабуулдары ийгиликсиз болгон.
20:09. Мартин Брайтвайт айып аянтчанын ичинен эреже бузганы үчүн, калыс Даниянын чабуулун токтотту.
20:10. Франция жай оюн менен атаандашынын дарбазасына чабуулга чыгышты.
20:14. Оливье Жиру айып аянтчанын ичинде мыкты сокку узатты. Бирок сокку кубатсыз болгондуктан Шмейхель соккуну кайтара алды.
20:15. Бурчтан чыгарылган топту Варан жыйынтыктап, таамай болгон жок. Топ дарбазадан бир топ алыс өттү.
20:17. Гризманн айып аянтчага кирип келип, бирок топ үчүн талашта коргоочудан жеңилди.
20:18. Жибриль Сидибе топту айып аянтчага көтөрүп берген, топто алгач коргоочулар болду.
20:19. Оливье Жиру эреже бузганын байкаган калыс Франциянын чабуулун токтотту.
20:20. Даниялыктар чабуулга чыгып, топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алды.
20:21. Кристиан Эриксен топту бурчтан чыгарган, бирок коргоочулар жакшы оюн көрсөтүп топту айып аянтчадан чыгарып кетти.
20:22. Лукас Эрнандеске каршы эреже бузулду. Топ франциялыктарда.
20:23. Дембеле айып аянтчага көтөрүп берүү аракетин көргөн. Анын чыгарып берүүсү коргоочунун колуна тийип кеткен. Бирок калыс бул жерде эреже бузууну байкаган жок.
20:25. Мартин Брэйтуэйт оюн эрежесин бузду. Франция айып сокку аткарат.
20:26. Айып соккуну Дембеле аткарды. Анын айып аянтчага көтөрүлгөн тобун коргоочулар оюн талаасынан чыгарды.
20:27. Симон Кьер жеңил жаракат алып, калыс убактылуу оюнду токтотту.
20:29. Эриксен франциялыктарды тынчсыздандырды. Ал айып аянтчага кирип келип, бирок сокку узатканга жетишпей калды.
20:30. Лемар оюн талаасында жатат ага карата орой оюн орун алган.
20:31. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Франция - 72 пайыз, Дания - 28 пайыз.
20:32. Дембеле алыскы аралыктан сокку узатып, таамай боло албай калды.
20:33. Томас Лемар оюн эрежесин бузду. Топ даниялыктарда.
20:34. Даниялыктардын айып соккусу таамай болгон жок. Топту коргоочулар тартып кетишти.
20:35. Оливье Жиру айып аянтчадагы Гризманнга мыкты чыгарып берүү жасаган. Бирок Гризманн кулап, топко жетпей калды.
20:37. Франциялыктардын уламдан улам аткарган чабуулдары ийгиликтүү болбой жатат.
20:38. Гризманн айып аянтчанын сыртынан таамай сокку узатты. Топ кубаттуу болбогондуктан Шмейхель аны кыйынчылыксыз тосуп алды.
20:40. Франция контр-чабуулда даниялыктардын дарбазасында кооптуу абал жаратты. Дембеле оң канаттан айып аянтчага кирип келип чыгаруу жасаган, бирок ага өнөктөштөрү жеткен жок.
20:43. Оливье Жиру мыкты мүмкүнчүлүк менен колдоно албай калды. Антуан Гризманн айып аянтчанын ичинен Жируга топту калтырган, Жирк дароо сукку узатып таамай боло абай калды.
20:44. Дембеле кайрадан алыстан сокку уазтты., бирок кайрадан таамай болгон жок.
20:45. 1-тайм аягына жетип, калыс 2 мүнөт кошуп берди.
20:46. Даниялыктар бурчтан чыгарып берүү мүмкүнчүлүгүн алды. Аны Эриксон аткармай болду.
20:47. Бурчтан чыгарылган топту франциялыктар тосуп алып, дароо тез контр-чабуулга чыгышты. Антуан Гризман талаанын орто бөлүгүнөн өткөн соң аны коргоочу чалып жыгылтты. Калыс эреже бузууну каттап, Матиас Йоргенсен сары айып кагазы менен белгиленди.
20:48. Калыс айып соккуну аткарууга мүмкүнчүлүк берген жок. Ал ышкырып 1-таймды аяктады.
21:03. Калыстын ышкырыгы жаңырып 2-тайм башталды.
21:04 Айта кетсек аталган беттешти "Лужникиде" 78 миң 11 көрүүчү көрүп жатат.
21:05. Оливье Жиру оюн эрежесин бузуп калыстын ышкырыгы жаңырды.
21:06. Лукас Эрнандес оюн эрежесин бузду. Топ даниялыктарда.
21:07. Франция курамасында алмаштыруу орун алды. Лукас Эрнандестин ордуна талаага Бенжамин Менди чыкты.
21:08. Гризманн айып аянтчанын чийининен дарбазага таамай сокку узатты. Аны Каспер Шмейхель секирип тосуп алды.
21:09. Преснел Кимпембе атаандашынын контр-чабуулун эреже бузуу менен гана токтото алды. Топ даниялыктарда.
21:10. Варан оюн эрежесин бузуп, Дания кооптуу айып сокку аткарат.
21:11. Айып соккуну Кристиан Эриксен аткарып, дарбазага мыкты сокку узатты. Таамай жана кубаттуу соккуну Манданда экинчи аракети менен гана тосуп алды.
21:12. Беттеш убактылуу токтотулду. Андреас Корнелиус оюн талаасында медициналык жардам алууда.
21:13. Корнелиусту дарыгерлер талаадан сырткары чыгарып, калыс беттешти улантты.
21:16. Эриксен айып аянтчанын чийининен сокку узатууга мыкты мүмкүнчүлүккө ээ болуп сокку жасады. Бирок ал таамай болгон жок. Топ дарбазадан 1 метр аралыкта өтүп кетти.
21:17. Дания курамасында алмаштыруу орун алды. Пионе Систонун ордуна Виктор Фишер чыкты.
21:18. Соккулар боюнча статистика: Франция - 5, Дания - 2.
21:19. Дамьен Делейни оң канаттан чабуулга чыгып, топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алды.
21:20. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Франция - 70 пайыз, Дания - 30 пайыз.
21:22. Кристиан Эриксен жеңил жаракат алып, оюн талаасында медициналык жардам алууда.
21:23. Андреас Корнелиус айып аянтчага чыгарып берүү жасаган, бирок ага өнөктөштөрү жеткен жок.
21:25. Франция курамасында алмаштыруу орун алды. Антуан Гризманндын ордуна оюнга Набил Фекир кошулду.
21:27. Фекир топту айып аянтчанын сыртынан алып, дароо сокку узатты. Сокку бир аз таамай болбой, топ дарбазанын сырт жагына туш келди.
21:28. Делейни орой ойноп, оюн эрежесин бузду. Топ франциялыктарда.
21:29. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Франция - 63 пайыз, Дания - 37 пайыз.
21:30. Дембеле айып аянтчага көтөргөн тобу менен өнөктөштөрүн таба алган жок.
21:31. Оливье Жиру жакшы мүмкүнчүлүк менен колдоно алган жок. Ал 11 метрлик чийинден топту башы менен дарбазага багыттап таамай боло албай калды.
21:32. Дания курамасында алмаштыруу орун алды. Андреас Корнелиус талаадан кетип, Каспер Дольберг оюнга кошулду.
21:33. Дания курамасы топту өзүнүн көзөмөлүнө алып, чабуулга чыкты.
21:34. Франциялык коргоочулар атаандашына чабуулду ийгиликтүү аткарууга мүмкүнчүлүк берген жок. Топ учурда франциялыктарда.
21:35. Франция курамасында алмаштыруу. Усман Дембелени Килиан Мбаппе алмаштырды.
21:36. Оливье Жиру алыстан сокку аткарып таамай болгон жок. Топ дарбазадан бир топ жогору өттү.
21:37. Соккулар боюнча статистика: Франция - 10, Дания - 5.
21:38. Делейни кайрадан оюн эрежесин бузду. Калыс ышкырды, бирок айып кагаз көрсөткөн жок.
21:39. Мбаппе жакшы чабуулду баштап, Фекирге чыгарып берди. Фекир алыскы аралыктан сокку аткарып, аны Шмейхель секирип тосуп алды.
21:40. Мбаппе айып аянтчага кирип келип, 2 коргоочуну алдап өтүү аракетин көргөн, бирок коргоочулар топту алып алганга жетишти.
21:41. Сидибе айып аянтчага жакшы чагырып берүү жасады. Бирок топко өнөктөштөрү жеткен жок.
21:44. Акыркы мүнөттөрдө Франция топко ээлик кылып чабуулун жасоодо. Чабуул азырынча ийгиликсиз болууда.
21:47. Беттештин негизги убактысы аяктап, калыс 3 мүнөт кошуп берди.
21:48. Делейни жаракат алып оюн талаасынан кетүүдө. Анын ордуна оюнга Лукас Лерагер кошулду.
21:50. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш 0:0 эсебинде аяктады.
21:51. Муну менен Франция курамасы "С" тайпасында 1-орунду ээлеп плей-офф баскычында "D" тайпасында 2-орунду ээлеген команда менен кез келет. Ал эми Дания курамасы "D" тайпасынын лидери менен кез келмекчи.