Бүгүн, 26-июнда Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынын акыркы туру уланат. Анда "D" тайпасынын алкагында Ростов-на-Дону шаарындагы "Ростов Арена" стадионунда Хорватия-Исландия беттеши орун алат. Беттеш Бишкек убактысы боюнча 00:00дө старт алат.
23:54. Исландиянын курамы: Халлдорссон, Севарссон, Магнуссон, Р. Сигурдссон, Ингасон, Бьярнасон, Гудмундссон, Гуннарссон, Г. Сигурдссон, Холлфредссон, Финнбогасон.
23:55. Хорватиянын курамы: Л.Калинич, Пиварич, Едвай, Чалета-Цар, Чорлука, Модрич, Бадель, Ковачич, Перишич, Пьяца, Крамарич.
23:56. Эки мамлекеттин гимни жаңырууда.
00:00. Беттеш башталды.
00:04. Хорватия топту көбүрөөк ээлеп, активдүү чабуулдарды жасоого ниеттенбегени байкалууда. Буга команда плей-оффко алдын ала өткөнү себеп болушу мүмкүн. Ал эми исландиялыктар топту ээлеген соң дароо чабуул жасоого аракеттенүүдө.
00:10. Исландиялык оюнчу Бьярнасонго биринчи жардам көрсөтүлүүдө. Ал топ үчүн күрөштө кашынан жаракат алды.
00:14. Исландия толук курам менен коргонууда. Хорватиялыктар позициялык чабуулун улантууда.
00:20. Оюндун алгачкы 20 мүнөтүндө бир да кооптуу чабуул жасалган жок.
00:22. Бул мүнөткө карата топту убакыттын 71 пайызында Хорватия, 29 пайызын Исландия ээлеп жатат.
00:28. Исландиялыктар бурчтан тебүү жасап, Магнуссон атаандаштарынын бардыгынан бийик секирип топту башы менен дарбазаны көздөй узатты. Бирок бул чабуул кооптуу болгон жок. Топ дарбазанын жанынан өттү.
00:30. Исландиялыктар айып сокку жасашты. Топ дарбазага катуу ылдамдыкта узатылды. Бирок дарбазачы аны оңой эле кармай алды.
00:35. Исландия оюнду курчутууда. Бурчтан тебүүдөн кийин алар эки жолу дарбазага көздөй тебишти, бирок хорватиялык оюнчулар денелери менен дарбазаны тосушту.
00:40. Алгачкы кооптуу чабуул. Исландиялыктар каршы чабуул уюштуруп, топту дарбазага жер менен узатышты. Топ штанганын жанынан өттү. Эгер топ дарбазанын бурчуна карай узатылганда хорватиялык дарбазачы жетишмей калмак.
00:44. Хорватиянын дарбазасына дагы бир сокку. Топ дарбазадан бийик өттү.
00:45. Исландиядан дагы бир кооптуу чабуул. Бурчтан тебүүдөн кийин абада күрөш орун алып, топ Хорватиянын дарбазасына көздөй узатылды. Коргоочулар өз дарбазасын сактай алышты.
00:47. Биринчи бөлүк 00:00 эсеп менен аяктады.
01:03. Оюндун экинчи бөлүгү башталды.
01:05. Хорватиялык Модрич айып сокку аткарды, бирок ал эч кандай коркунуч жараткан жок.
01:09. Хорватиянын бул оюндагы алгачкы кооптуу чабуулу: Бадель 30 метрдей алыстыктан катуу сокку аткарды. Топ дарбазанын мамычасына тийип гол кирген жок.
01:11. ГООООЛ! 54-мүнөттө Хорватия эсепти ачты. Позициялык чабуулдун жыйынтыгында Бадель топту 11 метрлик алыстыктан дарбазага узатып гол киргизди.
01:13. Хорватиянын голуна исландиялыктар 2 кооптуу чабуул менен жооп берди.
01:18. Оюндун активдүүлүгү азая түштү. Топ көбүнчө талаанын борборунда жүрүүдө.
01:25. Хорватиялыктарда алмашуу: машыктыруучу команданын лидери Лука Модричтин ордуна оюнга Брадаричти чыгарды.
01:27. Хорватиялыктарда дагы бир алмашуу. Пьяцанын ордуна Ловрен оюн талаасына чыкты.
01:30. Исландиялыктар кооптуу чабуул уюштуруп, гол киргизүүгө жакшы мүмкүнчүлүккө ээ болушту. Бирок чабуул ийгиликсиз аяктады.
01:32. Хорватия өз кезегинде эсепти 2:0 кылууга мүмкүнчүлүктү ишке ашыра алган жок.
01:33. Пенальти. Топ хорватиялык коргоочунун колуна тийгени үчүн калыс 11 метрликке көрсөттү.
01:34. ГОООЛ!! Исландия пенальтини ийгиликтүү аткарды.
01:37. Хорватиянын лидери Иван Ракитич Матео Ковачичтин ордуна чыкты.
01:42. Хорватиялыктар кооптуу айып сокку узатышты. Топ дарбазанын бурчунун жанынан өттү.
01:43. Исландиялыктарда оюнчу алмаштыруу: Финнбогасондун ордуна оюн талаасына Гудмунссон чыкты.
01:48. ГООООЛ!! Хорватиялык Перишич дарбазачы менен бирге бир чыгып катуу соккусу менен эсепти 2:1 кылды.
01:49. Калыс 4 кошумча мүнөт кошту.
01:50. Исландиялыктар дээрлик толук курам менен чабуулдарды уюштурууда.
01:52. Оюн бүттү. Хорватия 9 упай менен "D" тайпасында 1-орунду ээледи. 1/8 финалда хорватиялыктар Дания курамасы менен ойнойт.