Америкалык актриса жана продюсер Хизер Локлир абактан чыккандан көп узабай эле ооруканага түштү. Бул тууралуу батыш маалымат булактары жазып чыкты.
Маалым болгондой, "Династия", "Мелроуз-Плейс" сериалдары аркылуу атактуулукка жеткен актриса алкоголдук ичимдикти же баңгизатты ашыкча колдонуп ооруканага жаткырылган. Ал абактан күрөөгө 20 миң доллар таштап чыккан. Учурда 56 жаштагы актриса жергиликтүү ооруканалардын биринде дарыланууда.
Белгилей кетсек, Хизер Локлир спирт ичимдигин ичип алып достору, туугандары менен урушуп, өлөм деп коркуткан. Анын жакындары "Тез жардам" кызматы менен полиция кызматкерлерин чакырууга аргасыз болушкан. Актрисаны мажбурлоо жолу менен психикалык клиникага алып барып текшерүүдөн өткөргөн соң абакка алып кетишкен. Бул окуя боюнча сот отуруму ушул жылдын август айына белгиленген.