Лионель Месси Криштиану Роналдунун сүрөтү тартылган имараттын жанындагы мейманканага жайгашат

Лионель Месси Казань шаарында Криштиану Роналдунун сүрөтү тартылган имараттын жанындагы мейманканага жайгашат. Бул тууралуу Орусиянын басмылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Дүйнө чемпиондугунда 1/8 финалга чыккан Лионель Месси баш болгон Аргентина улуттук курама командасы Криштиану Роналдунун сүрөтү тартылган имараттын жанындагы мейманканага жайгашат. Мейманканын көпчүлүк терезелеринен Роналдунун сүрөтү көрүнүп турат.

Дүйнө чемпиондугу үчүн Казань шаарында "Рамада" жана "Мираж" аттуу мейманканалар гана тастык кат алышкан. Франция курама командасы плей-офф баскычына эрте чыккандыктан буга чейин Австралия-Франция беттешинде жашаган "Мираж" мейманканасын тандоону туура көрүшкөн.

Мындан улам Аргентина курама командасы тандоосу жок эле "Рамада" мейманканасына жайгашмак болушту. Португалиялык Роналдунун сүрөтү 2017-жылы Конфедерациялар Кубогунун алкагында болгон беттештин алдында тартылган. Анда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сырткы көрүнүшү начар болгон имаратты жакшыртуу максатында футболчунун сүрөтүн тарттырышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
AIZAD
2018-06-28 04:09:02
Анан,,,?
-2
vikidiki
2018-06-28 08:02:32
Месси терезеден Роналдунун суротун коруп, маанайы жок журду кечке.
+2
Azat.97
2018-06-28 11:38:37
Суроту менен суйлошуп отур эми кечке.Францияга кантип хет-трик кылам деп
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан