Бүгүн, 27-июнда Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынын беттештери уланат. Анда "Казань Арена" стадионунда "F" тайпасынын алкагында Түштүк Корея-Германия курамаларынын беттеши орун алат. Беттештин башкы калысы Марк Гейгер (АКШ) болот. Беттеш Бишкек убактысы боюнча 20:00дө старт алат.
19:45. Түштүк Корея курамасынын тизмеси:
19:50. Германия курамасынын тизмеси:
19:51. Бул беттеште Германия курамасынан Жером Боатенг катышпайт, анткени ал буга чейинки беттеште кызыл айып кагазын алган. Ал эми Корея курамасында бардык оюнчулар беттешке даяр.
19:53. Командалар оюн талаасына чыгып, алгач Түштүк Кореянын гимни жаңырат.
19:57. Германиянын гимни жаңырып, командалар беттешти баштоого даяр.
19:58. Топту оюнга алгач Германия курамасы кошот.
20:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып, беттеш старт алды.
20:01. Алгачкы мүнөттө оюн эрежеси бузулду. Эреже бузган Тони Кроос болду, топ кореялыктарда.
20:02. Сон Хынмин мыкты абал менен колдоно алган жок. Чон Уен айып аянтчага топту чыгарып берген, бирок коргоочулар Сон Хынминга сокку узатууга мүмкүнчүлүк бербей топту тосуп койду.
20:03. Топко Германия курамасы ээлик кылып, жай темп менен чабуулга чыгууда.
20:04. Марко Ройс айып аянтчага кирип келүү аракетин көргөн, бирок коргоочулар алдынан чыгып топту алып койду.
20:05. Ройс айып аянтчага кирип, өнөктөштөрүнө топту чыгарып берген, бирок германиялыктар топко жеткен жок.
20:06. Юн Енсон Тибо Вернерге каршы эреже бузду. Топ Германия курамасында.
20:08. Юн Енсон кайрадан эреже бузуп сары айып кагазы менен белгиленди.
20:09. Киммих оң канаттан чабуулга чыгып, айып аянтчага чыгарып берүү аткарган. Бирок өнөктөштөрү топко жеткен жок.
20:10. Мун Сонмин Киммихке каршы оюн эрежесин бузду. Германиялыктар кооптуу айып сокку аткарат.
20:11. Айып соккуну Тони Кроос аткарды, бирок таамай болгон жок.
20:12. Грецка айып аянтчага кирип, өнөктөштөрүнө чыгарып берүү жасап, аны коргоочулар тосуп коюшту.
20:13. Германиялыктар бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн колдоно алган жок.
20:14. Йонас Хектор айып аянтчага көтөргөн чыгаруусу ийгиликсиз болуп, командасына топту бурчтан кошуу мүмкүнчүлүгүн алып келди.
20:15. Оюн убактылуу токтоп калды. Кореялык оюнчу жеңил жаракат алып калды.
20:16. Сами Хедира айып аянтчага жакын жерде оюн эрежесин бузду. Айып соккуну кореялыктар аткарат.
20:18. Айып соккуну Мун Сонмин аткарып, анын соккусу абдан кооптуу болду. Нойер алгачкы аракети менен топту тосо албай калды. Анын катасын көргөн Хынмин дароо чуркап келип, бирок сокку узатканга жетишкен жок.
20:19. Ли Ен алыстан сокку узатып, бир аз таамай боло албай калды.
20:20. Тимо Вернер айып аянтчанын сыртынан мыкты чыгарып берүү жасады, бирок аны коргоочу тосуп койду.
20:21. Горецка оң канаттан айып аянтчага чыгарып берүү жасап, аны Чо Хену тосуп алды.
20:22. Ли Жэсон оюн эрежесин бузуп, сары айып кагазын алды.
20:23. Сон Хынмин айып аянтчанын ичинен кубаттуу узаткан соккусу таамай болбой калды. Хынминдин мыкты мүмкүнчүлүгү бар болчу.
20:24. Германия дароо чабуулга чыгып, Вернер айып аянтчага чейин кирип келди. Бирок коргоочулар мыкты ойноп топту Вернерден алып коюшту.
20:25. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Германия - 68, Корея - 32.
20:26. Соккулар боюнча статистика: Германия -3, Корея - 3.
20:27. Тибо Вернер сол канаттан чыгарып берүү жасаган, аны кореялык коргоочу талаадан чыгарды.
20:28. Оюн убактылуу токтотулду. Юн Енсон медициналык жардам алууда.
20:31. Германия курамасы кореялыктарды кысымга алып, аларды чабуулга чыкканга мүмкүнчүлүк бербей жатат.
20:32. Марко Ройстун кубаттуу соккусун коргоочу тосконго жетишти.
20:33. Калыстын ышкырыгы жаңырды. Мун Сонмин оюн эрежесин бузду.
20:34. Кайрадан эреже бузуу катталды. Бул ирет эреже Озилге каршы бузулду. Германиялыктар айып сокку аткарат.
20:35. Озил айып соккуну жакынкы өнөктөшү менен пас аркылуу аткарды. Германиялыктардын чабуулу уланууда.
20:36. Леон Горецка оюн эрежесин бузуп, кореялыктар чабуулга чыгышты.
20:37. Тибо Вернер айып аянтчанын ичине кирип келип сокку узатты, бирок коргоочу топту тосуп калганга жетишти.
20:38. Бурчтан чыгарылган топту Хедира тосуп алып, сокку узатты. Бирок дарбазачы мыкты оюн көрсөтүп, топту алып койду.
20:39. Оюн токтотулду. Ли Жэсон чабуулга чыгып жаракат алып калды.
20:40 Дарыгерлер Жэсонду оюн талаасынан чыгарып, беттеш уланды.
20:41. Тибо Вернер атаандашынын айып аянтчасынан эреже бузду. Калыс аны байкап Германиянын чабуулун токтотту.
20:43. Сон Хынмин чабуулду курчутуп, бирок ийгиликтүү боло алган жок. Ал айып аянтчага кирип келип, алдынан чыккан коргоочуну алдап өтө албай калды.
20:45. 1-таймдын негизги убактысы соңуна жетип калыс 3 мүнөт кошуп берди.
20:47. Сон Хынминдин алыстан узаткан соккусу таамай болбой калды.
20:48 Калыстын ышкырыгы жаңырып, 1-тайм аяктады.
21:04. Марк Гейгер 2-таймга старт берди. Топту оюнга кореялыктар кошту.
21:05. Кореялыктар дароо чабуулга чыгып, Чон Уендин соккусу менен жыйынтыкталды. Сокку таамай болгону менен Нойер топту тосуп алды.
21:06. Киммих мыкты сокку менен айырмалана алды. Айып аянтчага көтөрүлгөн топту Киммих башы менен дарбазага багыттады. Бирок дарбазачы секирип топту кайтарганга жетишти.
21:07. Корея топту алар менен дароо контр-чабуул уюштурушту. Мун Сонмин айып аянтчага кире албай калып, топту тарттырып жиберди, топтко кайтаруу аракетинде ал эреже бузууга гана үлгүрдү. Калыс аны сары айып кагазы менен белгиледи.
21:09. Тибо Вернер кооз сокку менен айырмаланды. Ал Озилдин айып аянтчага көтөрүлгөн тобун дароо дарбазага сокку жасап, бирок таамай боло алган жок.
21:10. Корея курамасы топко ээ болгон заматта тез контр-чабуулга чыкты. Айып аянтчага көтөрүлгөн топко Сон Хынмин жетпей калып, чабуул ийгиликсиз болду.
21:11. Жошуа Киммих айып аянтчага чыгарып берүү аракетин көргөн, бирок коргоочулар топту талаадан сыртка чыгарып салышты.
21:12. Марко Ройс айып аянтчанын сыртынан топту Киммихке берген, Жошуа дароо сокку узатып топ коргоочуга тийип калды.
21:13. Месут Озил алыстан айып аянтчага Ройско топту чыгарып берди, Ройс топту кабыл алып, коргоочулар жакшы оюн көрсөтүп топту тартып алышты.
21:14. Корея курамасында алмаштыруу. Ку Жачхоль жаракат алып, анын ордуна Хван Хи Чхан чыкты.
21:15. Кореялыктар тез чабуулга чыгып аракет жасап ийгиликтүү боло алган жок.
21:16. Германия курамасында алмаштыруу. Сами Хедираны оюндан Марио Гомес алмаштырды.
21:17. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: 71 пайыз - Германия, 29 пайыз - Корея.
21:18. Германиянын жай чабуулдары ийгиликсиз болууда. Германиялыктар бири-бири менен пасташып сокку узатууга чейин топту алдырып жатат.
21:19. Тони Кроостун узаткан соккусу Горецкага тийип оюн талаасынан чыгып кетти. Топ кореялыктарда.
21:20. Йоахим Лев командасына алмаштыруу даярдоодо. Мюллер оюнга кошулат. Ошол эле замат кореялыктар чабуулга чыгып Сон Хынминдин соккусу таамай болбой калды.
21:21. Томас Мюллер оюн талаасына Горецканын ордуна чыкты.
21:22. Месут Озил топту бурчтан кошуп, дарбазанын алыскы бурчунан Тибо Вернерди тапты. Вернер дароо топту дарбазага багыттап, бирок таамай болбой калды.
21:23. Сон Хынмин айып аянтчадан сокку узатканга аракет кылган, бирок ал жыгылып калыстан пенальти сураганы үчүн сары айып кагазын гана алып калды.
21:24. Мун Сонмин айып аянтчадан 1 коргоочуну алдап, бирок сокку узатканга жетишпей калды.
21:26. Киммихтин айып аянтчага чыгарган тобу таамай Гоместин башына барды. Гомес топту дарбазага багыттады, бирок дарбазачы аны тосуп калды.
21:27. Кореялыктарда алмаштыруу. Чу Сежон Мун Сонминди алмаштырды.
21:29. Марио Гоместин соккусун коргоочулар тосуп коюшту. Топ дагы эле Германияда.
21:30. Германия кайрадан эле жай темп менен чабуулун улантууда.
21:32. Матс Хуммельстин айып аянтчага чыгарган тобун коргоочулар тосуп коюшту.
21:33. Тони Кроос топту бурчтан чыгарып таамай боло албай калды.
21:34. Марко Ройс топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып келди.
21:35. Германия курамасында алмаштыруу. Йонас Хектордун ордуна оюнга Юлиан Брандт кошулду.
21:36. Сон Хынмин алыскы аралыктан сокку узатып, бир аз таамай боло албай калды.
21:38. Кореялыктар тез контр-чабуулга чыгып, ийгиликтүү боло алган жок. Чу Сежон коргоочуну алдап өтө албай калды.
21:39. Марко Ройс дарбазачы менен бетме-бет келип офсайд абалында болуп калды.
21:40. Мюллер айып аянтчанын ичинен башы менен сокку узатып, таамай болбой калды.
21:41. Марко Ройс алыскы аралыктан сокку узатты, бирок таамай болгон жок.
21:42. Топни Кроос айып аянтчанын сыртынан топту кабыл алып, дароо сокку узатты. Топ дарбазадан бир топ жогору өтүп кетти.
21:43. Сол канаттан башталган кореялыктардын чабуулун Хуммельс токтотуп калганга жетишти. Кореялыктар топту бурчтан чыгарат.
21:44. Сон Хынминдин бурчтан чыгаруусу таамай болгон жок.
21:45. Германия кайрадан сонун мүмкүнчүлүктөрдү колдоно албай жатат. Хумельс айып аянтчага чыгарылган топту дарбазага багыттап таамай боло алган жок.
21:46. Тони Кроос айып аянтчанын сыртынан топту тартып алып, дароо сокку узатты. Анын соккусун Чо Хену кыйынчылыксыз тосуп алды.
21:49. Беттештин негизги убактысы жыйынтыкталып, калыс 6 мүнөт кошуп берди.
21:50. Кореянын оюнчулары гол киргизгенге жетишти, бирок калыс офсайд абалын байкап голду эсепке алган жок.
21:51. Калыс видео кайталоо системи менен колдонуп, гол жаралган учурду карап көрүүнү чечти.
21:52. Г-о-о-о-л! Калыс кореялыктардын голуп эсепке алды. Эсеп 1:0 Түштүк Корея алдыда.
21:53. Хумельс айып аянтчадан коргоочуларга караганда бийик секирип сокку узатканга жетишти. Бирок таамай болгон жок.
21:54. Го-о-о-о-о-о-л! Корея эсепти 2:0 кылды. Мануэль Нойер дарбазадан чыгып, атаандашынын жарым бөлүгүндө топту тарттырып жиберди. Кореялыктар топту дароо Сон Хымминге чыгарып берип, Хынмин бош дарбазага гол киргизди.
21:56. Башкы калыс дагы 3 мүнөт кошуп берди.
21:58. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш соңуна жетти.
21:59. Бул жеңилүү менен Германия курамасы плей-офф баскычына чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, Дүйнө чемпиондордун каргышын уулады. Айта кетсек, 2010, 2014-жылдары ошол кездеги чемпиондор плей-офф баскычына өтпөй калган. Ал эми Түштүк Корея бул беттеште жеңишке жеткени менен плей-офф баскычына өтө алган жок.