Башкы калыс: Нестор Питана (Аргентина)
Мексиканын курамы:
Дарбазачы: Очоа Гильермо
Коргоочулар: Альварес Эдсон, Сальседо Карлос, Морено Эктор, Гальярдо Хесус
Жарым коргоочулар: Гуардадо Андрес, Эррера Эктор, Лаюн Мигель, Вела Карлос, Лосано Ирвин
Чабуулчу: Эрнандес Хавьер
Швециянын курамы:
Дарбазачы: Ольсен Робин
Коргоочулар: Люстиг Микаэль, Линделоф Виктор, Гранквист Андреас, Аугустинссон Людвиг
Жарым коргоочулар: Классон Виктор, Ларссон Себастьян, Экдаль Олбин, Форсберг Эмиль
Чабуулчулар: Берг Маркус, Тойвонен Ола
19:59. Гимндер аткарылып, оюнчулар калыстын ышкырыгын күтүшүүдө.
20:00. Оюн башталып, топту шведдер оюнга кошту.
20:01. Мына кызык, оюндун алгачкы секунддарында мексикалык оюнчу Гальярдо Хесус сары кагазга ээ болду.
20:02. Оюндун алгачкы дарбазага жасалган соккусун швециялыктар аткарышты. Очоа ордунда.
20:04. Дарбазачы Гильермо Очоа топту айып аянтчасына киргенге чейин кармап алган. Мунун негизинде шведдерге айып сокку аткаруу укугу берилди.
20:06. Швециялыктар дарбазага айып соккудан түз багыттады. Очоа өз айыбынан келген айып соккуну өзү токтотту.
20:13. Мексиканын кооптуу соккусу орун алды.
20:16. Оюндун алгачкы мүнөттөрү Мексиканын топко ээлик кылуусу менен өтүүдө. Анткен менен Швеция деле кезек кезеги менен чабуулга чыгууда.
20:22. Мексикалыктар тарабынан бурчтан сокку аткарылды. Топ шведдерге тийип оюн чийининен чыгып кеткен. Мексикалыктар топту оюнга кошот.
20:24. Упайга көбүрөөк шведдер муктаж. А бирок Мексика активдүү оюн көргөзүүдө.
20:26. Мексиканын дарбазасын көздөй чыгарылган топко Очоа биринчи болуп жетти.
20:28. Мексикалыктарга каршы оюн бузулуп, Себастьян Ларссон сары кагазга ээ болду.
20:29. Мексикалыктардын айып аянтчасында Чичарито топту колу менен ойногонуна күмөн пайда болуп, калыс кайталоону көрүүнү чечти.
20:30. Чичарито оюн эрежесин бузган эмес деген жыйынтыкка келген калыс шведдерге бурчтан чыгаруу укугун берди.
20:31. Бурчтан чыгаруу буга чейинки эң кооптуу абалды жаратты. Бирок мексикалык дарбазачы өз командасын сактап калды.
20:33. Шведдер бара-бара активдеше баштады. Тез аткарылган чабуул сокку менен жыйынтыкталып, бирок топ алда канча өйдө кетти.
20:35. Талаанын жарымында шведдер тарабынан жоготулган топ мексикалыктардын тез чабуулуна алып келди. Лоссано узаткан соккуну коргоочулар тосуп калышты.
20:38. Кайрадан Мексиканын чабуулу. Мурдагы арсеналчы Велланын соккусу дарбазадан бир аз өйдө кетти.
20:40. Очоа ар төрт жыл сайын бир жолу активдешеби же курама командада гана жакшы ойнойбу айтор, азырынча өзүнө чаң жугуза элек.
20:42. Бул учурда шведдер стандарттык абал аткарууга укук алып, бирок кооптуу учур жаралган жок.
20:44. Мексикалыктардын чабуулу орун алып, алар дарбазага таамай сокку узата алышты. Бирок Ольсен өз позициясын жоготкон эмес.
20:46. Мексикалык күйөрмандардын жакасын карматкан чабуул орун алды. Швед чабуулчусу дээрлик дарбазачыга жекеме жеке чыгып, бирок дарбазадан сыртка тээп алды. Дал ушул чабуулдан кийин калыстын ышкырыгы жаңырып, командалар эс алууга кетишти.
21:04. Оюндун экинчи бөлүгү башталды. Кызыктын баары алдыда.
21:06. Эки команда тең кезектешип чабуулга чыгышууда. Ал эми кооптуу чабуулдар алдыда экенине үмүт кылып туралы.
21:08. ГОЛ! 0:1. Швециялык 6-номердеги оюнчу Аугустинссон Людвиг оюн эсебин ачты. Мындай учурда Очоа эч кандай жардамга келе албайт болчу.
21:14. Жаратылган голдун деми менен швециялыктар кубаттанды көрүнөт. Улам-улам алдыга умтулуп, чабуул жасоого өтүштү.
21:17. Шведдердин чабуулунун жыйынтыгында баш менен узатылган сокку таамай болгону менен, жай аткарылган болчу. А бирок аны аткарган Берг жаракат алгандай көрүнөт.
21:18. Шведдердин ылдам аткарылган контр-чабуулунун жыйынтыгында 11-метрлик айып сокку узатылат.
21:19. ГОЛ. Швециялык 7-номурлуу Себастьян таамай сокку узатып, гол айырмасын эки эселентти.
21:23. Мексикалыктар алмашуунун жардамы менен оюнун күчөтүүгө аракет кылышат. Фабиан Гальярддын ордуна чыкты.
21:29. Мексикалыктар шашып алдыга барууга аракет кылууда. Азырынча жыйынтык чыга элек.
21:31. Мексика тараптан эреже бузуу катталды. Мындай учурду шведдер максималдуу түрдө убакыт утууга пайдаланууда.
21:32. АВТОГОЛ! Мексикалык коргоочу Эдсон Альварес өз дарбазасына колу менен топту киргизип алды.
21:36. Мына кызык, F тобундагы лидер минтип чемпиондуктан четтеп калуусуна бир кадам калды. Бирок азырынча мүмкүнчүлүк бар жана ал мексикалыктардын өз колунда.
21:39. Чичаритоо!!!! Эң мыкты чыгарып берилген топту командалашы жарым метрден дарбазага багыттай албай, Хавьердин аракети текке кетти.
21:42. Убакыт улам соңуна жакындаган сайын мексикалык күйөрмандардын көздөрүнө жаш тегеренип, сабыры түгөнүп жаткан учуру.
21:46. Шведдердин эреже бузуусу орун алып, чыгарылган топту сарылар биринчи тосуп, талаадан сыртка чыгарышты. Демек, бурчтан чыгаруу орун алат. Бурчтан чыгаруу кооптуу болгон жок. Топту шведдер тартып алышты.
21:50. Башкы калыс тарабынан оюнга 4 мүнөт кошулду.
21:51. Мексикалыктар болгон күчү менен алдыга барууда. Бирок дарбазачыны алдап өтө албай жаткан учуру.
21:54. Беттеш соңуна чыкты. Мексика жеңилди, бирок...баары Түштүк Корея-Германия оюнунан көз каранды болот.
21:57. Түштүк Корея Германияны утканына байланыштуу, Мексика кийинки этапка өтөт.
F тайпасы мына ушундай кызыктуу оюндар менен жыйынтыкталды. Көңүл бурганыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Түнкү оюндардан кезиккенче аман туруңуздар!