Ушул жылдын 5 айында республика боюнча 1232 өрт кырсыгы катталган. Жалпы материалдык чыгым 91 миллион 252 миң 308 сомду түзгөн. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, өрттөн 52 адам куткарылган. Тилсиз жоо учурунда 38 адам каза болгон жана алардын 5и кичинекей балдар болгон. Ал эми кырсыктан жабыр тарткан 39 адамдын 10у кичинекей балдар болгон.