"Кыргыз шырдагы" фестивалы элдик көркөм жана улуттук кол өнөрчүлүктүн салттарын жандандыруу, облустар аралык маданий-экономикалык байланыштарын бекемдөө, фестивалдын натыйжаларын жогорулатуу жана улантуу менен үчүнчү Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна алгач даярдык көрүү, Региондорду өнүктүрүү жылына карата улуттук кол өнөрчүлөр тарабынан өндүрүлгөн продукцияларды жарнамалоо максатында уюштурулууда", - дейт катчы.
Үч күндүк фестивалдын алкагында Нарын шаарынын "Ала-Тоо" стадионунда "Мыкты шырдак", "Илгерки шырдак" кароо-сынактары, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкелери, "Кол өнөрчүлөрдүн устат-шакирт" мастер-класстары, театрлаштырылган улуттук каада-салттар концерттик программа менен коштолот. 29-июнь күнү Нарын мамлекеттик университетинде "Шырдактын тарыхы" аттуу илимий конференция, облустук тарыхый-этнографиялык музейинде "Кыргыз мурасы: кол өнөрчүлүк. Оюулары жана орнаменттери" аталыштагы залдын ачылышы өтөт. Жыйынтыгында жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өткөрүлүп мыкты деп табылган шырдак музейге өткөрүлүп берилет.