Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековду жактаган бейтарап коомдук активисттер азыр аны сындоого өтүштү. SUPER.KG порталынын "Президент эмнеден жаңылууда?" деген соболуна саясат таануучу Даниел Кадырбеков жооп берди.
Анын айтымында, президент эл ишенимин жоготууда.
"Сиз берген суроонун келип чыгышына бир нече себеп бар. Биринчиден, фундаменталдык реформалардын жоктугу. Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенине бир жылга жакындап калды. Президентте да, Жогорку Кеңеште да саясий буюртмаларды аткарган сот, прокуратура кызматкерлеринен арылууга толук мүмкүнчүлүк бар болчу.
Экинчиден, активист Мурат Тунгышбаев Казакстандан куугунтукталып бизге келген болчу. Бирок эл аралык аброюбузга карама-каршы келсе да аны экстрадицияладык. Саясий башпаанек сурап келген адамды өткөрүп бербешибиз керек эле. Себеби ал эми өлөт же коркутууга кабылат. Бул улуттук кызыкчылыгыбызга туура келбеши керек. Президентке жарандык коом дагы, оппозиция дагы 1 жылдай убакыт берди. Бир-эки коррупциялык иштер боюнча камоолорду жасады. Бирок аны кылбаса да болбойт эле да.
Укук коргоо органдарында, сот системинде эч өзгөрүү болбогону үчүн элде нааразычылык пайда боло баштады. Өлкө башчынын ишеним насыясы түгөнө баштады. Андан сырткары саясий негизде соттолгон Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова сыяктуулардын иши ошол бойдон калып кетти. Буюртманы аткарган сотторго чара көрүлгөн жок. Адилеттикти орнотуу үчүн легитимдүү эмес чечимдердин баарын жокко чыгарышы керек болчу. Жээнбеков Атамбаев сыяктуу эле институттарды өзүнө ыңгайлаштырып, пайдаланып жатат. Президент чыныгы реформатор, элди ойлогон башчы болгондо, сот реформасын жасамак. УКМК менен прокуратураны президент парламентке өткөрүп бериши керек болчу", - деди Кадырбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Таалайбек Масабиров, Акылбек Жамангулов, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, жарандык активисттер Жениш Молдокматов, Өндүрүш Токтонасыров, Адил Турдукуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.