Окумуштуулар бир айдын ичинде 1 күндөн ашык алкоголдук ичимдиктерди ичүү кандай зыян алып келерин айтышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, дарыгерлердин айтымында, алкоголдук ичимдиктерден толугу менен баш тартуу - жүрөк кан-тамыр ооруларын алдын алуунун эң жакшы жолу.
Изилдөө иштерин жүргүзгөн дарыгерлер 18 жаштан 45 жашка чейинки адамдарды изилдеп, алар кайсы убакытта жана канча көлөмдө алкоголдук ичимдиктерди ичерин көзөмөлгө алышкан. Изилдөөлөрдүн натыйжасында айына 1 жолудан көп алкоголдук ичимдиктерди ичкен адамдын канынын курамындагы канттын деңгээли жогорулап, кан басымы жогорулаган.
Мындан улам окумуштуулар 1 айда 1 жолу 600 грамм сыра, 200 грамм вино же 80 грамм күчтүү спирт ичимдиктерин ичкен ден соолукка эч кандай терс таасир бербей тургандыгын аныкташкан.