Кутмандуу кечиңиздер менен ардактуу футбол сүйүүчүлөр! SUPER.KG порталы Сенегал-Колумбия оюнун онлайн түрдө сунуш кылат. Сенегал курама командасы 4 упай менен өз тайпасынын экинчи орунунда жайгашкан болсо, колумбиялыктар үчүнчү саптан орун алган. Демек, эки командада тең плей-оффко чыгууга мүмкүнчүлүк бар. Андыктан кызыктуу оюндун жүрүшүн биз менен бирге күзөтүүгө чакырабыз. Оюндун башкы калысы Милорад Мажич (Сербия).
Сенегалдын курамы:
Дарбазачылар: Н'Диайе Хадим
Коргоочулар: Гассама Ламин, Сане Салиф, Кулибали Калиду, Сабали Юссуф
Жарым коргоочулар: Сарр Исмаила, Куйяте Шейку, Гуэйе Идрисса, Мане Садио
Чабуулчулар: Кейта Бальде, Ньянг М'Байе
Башкы машыктыруучу: Сиссе Алиу
Колумбиянын курамы:
Дарбазачылар: Оспина Давид
Коргоочулар: Арис Сантьго, Санчес Давинсон, Мина Йерри, Мохика Хоан
Жарым коргоочулар: Урибе Андрес, Карлос Санчес, Куадрадо Хуан, Кинтеро Хуан, Родригес Хамес
Чабуулчулар: Фалькао Радамель
Башкы машыктыруучу: Пекерман Хосе.
19:49. Эки команда талаага чыгып, өлкөлөрдүн гимни ойнолууда.
20:00. Оюн старт алды. Топту ортодон оюнга сенегалдыктар кошту.
20:01. Колумбия - сары, Сенегал - жашыл түстө ойноп жатканын айта кетели.
20:03. Азыркы тапта топко ээ болгон Сенегалга караганда алардын күйөрмандары көбүрөөк көңүл бурдурууда.
20:05. Колумбиянын позициялык оюнуна күбө болуудабыз.
20:06. Куадрадону оң канаттан кирип баруусу ийгилик алып келген жок.
20:07. Топко ээлик кылуу кезеги Сенегалда. Бирок алар колумбиялыктардай ишенимдүү түрдө ээлик кыла албай жатышат.
20:09. Колумбиялык коргоочунун эреже бузуусунун негизинде стандарттык абалга ээ болгон сенегалдыктар ал нерседен пайда таба алышкан жок.
20:12. Маненин айып аянтчага чыгарган тобун командалашы пайдалана алган жок. Кезек Колумбиянын чабуулунда.
20:13. Колумбиялыктар да стандарттык абалга ээ болушуп, Сенегалга караганда натыйжалуураак пайдаланышты. Бирок баары бир гол жарата алган жок.
20:17.Маненин айып аянтчасында кулоосу оюн эрежеси бузулгандай шек жаратты. Мындай учур үчүн видеокайталоо бар. Анын жыйынтыгында 11 метрлик айып сокку берилген жок.
20:21. Оюнга чейин эксперттер беттештин фаворити деп Колумбияны аташкан эле. Иш жүзүндө сенегалдыктар активдүү ойношууда.
20:23. Колумбиянын дарбазасы тарапка көтөрүлгөн топко эч кимдин башы жеткен жок.
20:25. Колумбиянын аткаруусундагы айып сокку аткарылып, кооптуу абал пайда болду. Бирок топту сүзгөн Фалькао офсайд абалында болчу.
20:27. Сенегалдын ылдам чабуулу орун алып, багытталган соккудан топ туптуура Оспинанын колуна келип түштү.
20:31. Колумбиянын насаатчысынан кызык чечим. Оюнду башкы жылдыз Хамес Родригес таштап кетти. анын ордуна Муриель чыкты.
20:33. Мане атаандаштын айып аянтчасында эреже бузду, демек, топ Колумбиянын карамагына өтөт.
20:36. Башкы жылдыздын жардамы менен да өз оюнун таба албай жаткан Колумбия эми Хамес жок кандай чара көрөт. Оюн эми кызыйт өңдөнөт, андыктан чогуу күзөтөлү.
20:38. Саненин аткаруусундагы айып сокку дарбазадан кыйла өйдө өттү.
20:39. Сенегал лидери - Садьё Мане бул мүнөттөрдө эң активдүү оюнчусу болууда.
20:41. Колумбия чабуул жасап, Радамель Фалькао топту сактап калуу үчүн күрөштү, мунун натыйжасы Фалькаонун эреже бузуусу менен аяктады.
20:43. Колумбиялыктар өзүнө келип жаткандай сезим калтырууда. Аз убакыт ичинде 2 жолу чабуул жасоого жетишишти. А качан гол менен аяктаган чабуулга жетишет азыр белгисиз.
20:45. Негизги убакытка 3 мүнөт кошулду.
20:48. Кошумча убакыт Сенегалдын топ башкаруусу менен өтүп, аягында Колумбиянын чабуулу менен аяктады.
Сенегалдын активдүү оюну Колумбия насаатчысынын Хамес Родригести оюндан алууга мажбур кылды. Канчалык мыкты оюн көргөзгөн күндө да машыктыруучунун оюна каршы чыгуу мүмкүн эмес экени белгилүү. Насаатчы Хаместин оюн тактикасына уюбай жатканына көзү жеттиби же жаңылыштык жасадыбы аны экинчи бөлүктө бирге күзөтөбүз. Бизден алыстабаңыздар.
21:04. Экинчи бөлүк башталды. Топту кошуу кезеги Колумбияда.
21:06. Күчтүү чыгарылган топ Сенегалдын дарбазасын көздөй чуркап барган Куадрадонун үмүтүн актаган жок.
21:08. Колумбия оюн жүрүшүн башкарууда. Муриэль сол канаттан кирип барып, бирок топту алдырып койду.
21:09. Сенегалдын чабуулун офсайд абалы токтотту.
21:10.Фалькаого каршы оюн эрежеси бузулду. Ал азырынча тура элек.
21:12. Эки команда оюндун жыйынтыгында тең чыкса, кийинки турга Сенегал өтмөкү. Эгерде экинчи оюнда Япония жеңилип калбаса.
21:14. Сенегал тараптан кооптуу чабуул орун алды. Бул абал колумбиялык коргоочуларды түйшүккө салган менен гол болгон жок.
21.17. Сенегалдыктар топко ээ болгону менен кайра бат эле андан ажырашты.
21:19. Сарылардын чабуулу. Көтөрүлгөн топ дарбазачынын колуна биринчи келди.
21.20. Карлос Санчес өз дарбазасына жакын жерден эреже бузду. Сенегалдыктар айып сокку аткарат.
21:21. Сенегалдын айып соккусу орун алып, Головин менен Роналдунун эрдигин Мане кайталай алган жок.
21:22. Куадрадо өз командасына стандарттык абал алып келди. Көтөрүлгөн топко карай сокку жасалып, Сенегалдын коргоочусунун буту гол жаралуусуна тоскоолдук жасады.
21:24. Алыстан чыгарылган топко сенегал дарбазачысы биринчи болуп жетти. Өзүн токтото албай калган Муриэль жаракат алгандай түр көрсөтүүдө.
21:27. Куадрадонун узаткан тобу Фалькаого бир аз жетпей калды. Топ дарбазачынын колунда.
21:29. Сенегалдык оюнчу жаракат алып оюн бир саамга токтоду. Андан пайдаланган режиссёрлор Хаместин толкунданган жүзүн көрсөтүүдө.
21:31.ГОЛ! Колумбия күтүлбөгөн жерден оюн эсебин ачты. Бурчтан чыгарылган топту Йерри Мина дарбазага багыттаган. Барселонанын коргоочусунун кооз голун колумбиялыктар андан кем калбаган кооз бийи менен майрамдашты.
21:34. Сенегал дароо жооп берүүгө аракет кылып катары менен чабуул жасады. А бирок Оспина Колумбияны сактап калды. Абдан кооптуу абал.
21:36. Сенегалдык Бальде оюн талаасын таштап, ордуна Мусса Конате чыкты.
21.39. Сенегалдын уюштурган чабуулдары Колумбиянын шаштысын алууда. мындай жүрүш уланса эсеп теңелүүсү алыс эмес.
21:41. Колумбия командасында алмашуу. Уррибенин ордуна Лерма чыгат.
21:42. Сенегал чабуулчуларын көбөйтүүдө. Дагы бир алмашуу орун алып, Ньнгдын ордуна Сако чыкты.
21.44. Сенегалдын үстөккө-босток чабуулу аз жерден Колумбиянын дагы бир голуна себеп боло жаздады. Контр-чабуулду акыркы көз ирмемдерде токтотуп кала алышты.
21.45. Колумбиядан тактикалык алмашуу. Фалькао оюнду таштап, Борха Мигель ордуна чыкты.
21:46. Сенегалдыктар соңку үмүттөрү менен алдыга барышууда. Беттеш бүтөрүнө аз калды.
21:47. Беттеш убактысы аягына чыгып, Сенегалдын карамагында кошумча 4 мүнөт бар.
21.49. Сенегал чабуулга жумшалган болгон күчүнүн акыбети кайтпай жаткан учур. Африкалык курамалардын акыркысы плей-оффко чыгабы же "кара" материктен келгендер толугу менен кайтып кетишеби бир нече көз ирмемден кийин күбө болобуз.
21:51. Бүттү! Сенегал дүйнө чемпиондугу менен кош айтышат. Анткени Япониянын сары кагаздары азыраак.