Америкалык актриса Жулия Робертс социалдык тармактагы популярдуу тиркемеге катталды

Голливуддун эң бай, ийгиликтүү актрисасы, продюсер Жулия Робертс социалдык тармактагы жеке баракчаларын кеңейтти. Тагыраагы, актриса эми Инстаграм тиркемесинин колдонуучуларынын катарына кошулду. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, Жулия Робертс буга чейин учурдун популярдуу тиркемесинин колдонуучусу болгон эмес. Ал бир нече күн мурда аталган социалдык тиркемеден жеке баракчасын ачып, эч кимге катталган эмес. Бирок Жулия Робертске кыска убакыт аралыгында 526 миң колдонуучу катталган. Ал эми анын баракчасына жүктөгөн алгачкы сүрөтү 229 миң 370ден ашуун "жакты" белгисин топтой алса, экинчи сүрөтүнө 127 миң 797 колдонуучу "жакты" белгисин баскан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
vikidiki
2018-06-29 13:13:14
Мен сыйлаган актрисаларымдын бири. Созсуз катталам баракчасына.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан