Марадона Дүйнө чемпиондугунда акча жасоодо

Марадона Дүйнө чемпиондугунда акча жасоодо. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ФИФА Дүйнө чемпиондугунда Аргентина курама командасынын мурдагы оюнчусу жана машыктыруучусу Диего Марадонага ар бир стадионго барып көргөн оюну үчүн 11 миң 300 евро төлөп берет.
Белгилүү болгондой, бул төлөмдөр ФИФАнын мурдагы белгилүү, дүйнөгө атагы чыккан футболчуларды колдоо иретинде бөлүнүп турат. Аталган демилгени эл аралык футбол федерациясынын президенти Жанни Инфантино колдойт.
Орусияда өтүп жаткан Дүйнө биринчилигинде Марадона Аргентина курама командасынын тайпалык баскычтагы бардык оюндарына күбө болду. Ал Аргентина-Нигерия беттешинде Маркос Рохонун голунан кийин эки колунун ортоңку манжаларын көргөзгөн. Оюн бүткөн ал өзүн жаман сезип, ага дарыгерлер чакыртылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
tynchy
2018-06-29 10:36:06
Жашосуу жыргал го элдер акча толоп корсо бул коргону учун акы алып
+13
KUMKA
2018-06-29 10:42:53
Наркоман
+6
Azat.97
2018-06-29 11:47:02
Наркотикти ашыкча чегип алса ошо да
+3
kolyn
2018-06-29 21:18:06
Убагында Марадона дунуйөнун футбол жылдызы болгон Пеледен кийин эле.Аргентинаны чемпиондукка алып чыккан.Ал эми азыр "как пенсионер"каалаганын кылат.Мародона легенда,епт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан