Бүгүн Бишкектин жашоочулары жандуу музыка менен коштолгон концертке күбө боло алышат

Бүгүн Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору жандуу музыка менен коштолгон концертке күбө болушат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-июнда борбор калаабыздагы Дайыр Асанов атындагы Жеңиш сейил багында концерт өтөт.

"Шаар тургундарынын жана коноктордун жайкы эс алуусуна шарт түзүп берүү максатында бүгүн мэриянын эл аспаптар оркестри "Кыргыз руху" фокльклордук ансамбли менен биргеликте музыка сүйүүчүлөрүнө концерт тартуулашат. Концертте классикалык, эстрадалык жана элдик музыкалар жаңырат", - дейт маалымат кызматы.

Концерт саат 19:00дө башталат. Кирүү акысыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zoya
2018-06-29 13:57:06
Коруш керек экен
0
Nur555n
2018-06-29 14:29:42
Кайсы кочодо болот так маалымат берип койгулачы ?
0
admin_superstan
2018-06-29 17:32:43
Nur555n, борбор калаабыздагы Дайыр Асанов атындагы Жеңиш сейил багында.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан