"Аксыдан чыккан Жеңижок, айтышарга теңи жок" аттуу республикалык айтыш өтөт

Айтылуу акын Жеңижок (Өтө) Көкө уулунун жаркын элесине арналган "Аксыдан чыккан Жеңижок, айтышарга теңи жок" аттуу республикалык айтыш өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Айтыш" коомдук фондунун теңтөрагасы Асылбек Маратов билдирди.

Маалыматка ылайык, айтыш Аксы районунун Кара-Суу айылында 14-15-июль күндөрү орун алат.

"Аталган айтышка өлкөнүн бардык аймактарынан келген акындар катыша алат. Акындардын ырынын көркөмдүүлүгү, төкмөлүк шыгы, тапкычтыгы, аткаруучулук чеберчилиги, сахна маданиятына көңүл бурулат. Сынактын байге фонду 500 миң сомду түзөт", - дейт Маратов.

Айтыштын тандоо туру 4-июлда "Манас" кинотеатрынын чоң залында саат 10:00дө өтөт. Тандоо турунан жалпы 16 акын тандалып алынат.

Иш-чаранын негизги максаты - улуу өнөрдүн алып жүрүүчүлөрүнүн чеберчилигин арттыруу жана сөз баккан, сөз кадырлаган кыргыз элине айтыш майрамын тартуулоо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dilzat1631
2018-06-29 15:17:15
jakshy janylyk eken
0
alooke
2018-06-29 18:52:33
Айтыш Кара-Суу айылынын Кара-Камыш жайлоосунда өтөт. Негизги максаты бул кабарда акындарды өстүрүү дептир, андай эмес. Кара-Камышта алтын кени бар, аны казууга эл көптөн бери уруксат бербкй келет. Бул айтыштын шылтоосу менен ал жерге жол салынат, андан ары алтын кенин ачыш керек. Айтыш жөн гана повод. Женижоктун юбилейин унаа барбаган тээ жердин түпкүрүндө белгилөө зарыл беле? Сары-Челек, Падыша-Ата өңдүү жерде өтсө эмнеге болбойт эле. Так что, ушул иш чаранын түбүн изилдегиле
0
jibew
2018-06-29 23:16:13
alooke,изилдебей, ойлонбой эле оюна тикелей каршымын. Себеби алтын чыккан жерге жол салыш кыйынга деле турбайт. Мумкун ошол жайлоо ылайыктуудур же айтылуу Женижок ошол жайлоодо болгондур.
0
altyn7776
2018-06-30 01:08:58
Ар бир нерседен саясат таап балээ эле болдук го...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан