ЖЫЛНААМА, 30-ИЮНЬ: Ильяз Андаш: "Туулган күнүмдү эң биринчилерден болуп жубайым куттуктады"

Бүгүн ырчы Ильяз Андаш 30 жашка толуп, туулган күнүн белгилөөдө. Ырчыны куттуктап байланышка чыксак, ыраазычылыгын билдирип, туулган күнүн кандай белгилээри тууралуу буларды билдирди: "30-июнга караган түнү саат жебеси 12ни какканда алгачкылардан болуп жубайым туулган күнүм менен куттуктады. Андан кийин сахналаш досум Курал Чокоев куттуктап жакшы тилектерин билдирди. Азыр да жакын санаалаштарым улам бири чалып куттуктап жатышат. Бүгүн кечинде адаттагыдай эле тойлорго барып кечки саат 11ге чейин кызматта болом. Андан кийин досторум менен биргеликте бир жерге отуруп футбол көрүү менен бирге туулган күнүмдү белгилейбиз".

SUPER.KG порталынын Түз эфирине жана "Супер-Инфого" берген маегинен үзүндүлөр:

  • "Биринчиден, менин аялым акча таппаса эмнени санайм? Ал акча тапкан күндө деле акчасы мени кызыктырбайт. Тапкан акчасын өзүнө жумшап, керектүү буюмун алса ошол пайда. Экинчиден, аялымдын ишине аралашканга убактым жок. Эртең менен жумушка чыгып кетем, бош убактым болуп калса Курал менен чогуу машыгуу залына барам. Жубайым дагы мен канча сом тапканыма кийлигишпейт".
  • "Балам, балалуу болгондо билесиң" дегендей көп нерсеге мамилем өзгөрдү. Ата-энем "курткаңды, жылуу шымыңды кий" дешсе, "ушинте эле бересиңер" деп укпай койгон күндөрүм болгон. Кызым төрөлөрү менен ата-энемдин мага берген ошол мээрими менде пайда болду. Апасы азыр кызымды тыйып "антпе, минтпе" деп тарбиялай берет. Мага жадакалса кызымды өз апасынын урушуп жатканы оор тиет. Мен "чача бер, кайра жыйнайм" деп болушуп турам".
  • "Курал экөөбүз тойлордо дайыма жолугуп калчубуз. Күндөрдүн биринде тамашалап "чогуу ыр жазып койбойлубу?" деген сөз чыгып калган. Былтыр жайында Караколдо жүрсөм Курал чалып "Ак кеме" тасмасындагы Сейдакмат аткарган ырды уксаң, жакшы угулат экен" деп калды. Кинону көрүп баштасам Мукан байке (ред. Рыскулбеков) чөпкө жатып алып "адыр-адыр тоолордон" деп шаңдуу ырдайт экен. Мурда Мукан байкенин ырын ырдап эле жүргөм да, анын үстүнө караколдук эмеспи. Дароо кызына бардым, себеби ырлары азыр анын карамагында. Ал бизге "элге жайылткыла" деп ырды бекер берди. Ыр радиолордо жаңырып, бир айда эле хитке айланды".

Ильяз Андаш 2013-жылдын август айында Сүйүү аттуу бийкеч менен баш кошуп, Каракол шаарында чоң той өткөрүп, элден бата алган. Учурда жубайлардын ортосунда Элина аттуу кызы бар. Ырчы "Супер-Инфого" берген маегинде: "Кызым Элина мага окшош, бирок апасына жакын. Анткени эртеден кечке апасы менен отурат, экөө урушушат, кайра табышышат, ойношот дегендей. Келинчегим өзүнүн туулган күнүндө, 5-январда төрөгөн. Эң негизгиси үй-бүлөмдө баары тынч, ден соолуктары бекем, эч нерседен кем эмес. Мен үчүн ушул гана керек. "Үй-бүлөң менен ар кандай көрнөк-жарнактарга тартылбайсыңбы?" деген сунуштар көп түшөт. Бирок аларды эл көзүнө көп чыгаргым келбейт. Анткени кээ бирөө жакшы, кээ бирөө жаман сүйлөйт дегендей", - деп айткан.

Белгилей кетсек, ырчы 1988-жылы 30-июнда Каракол шаарында төрөлгөн. Аталган шаардагы Ыбрай Туманов атындагы музыкалык окуу жайынын эстрада бөлүмүн аяктаган. Ал "Кечикпе", "Жаңылуу", "Кыргыз жери", "Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар" аттуу ырлары менен эл оозуна алынган.

"Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар" аттуу ырынын клиби "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча “2013-жылдын супер клиби” деп табылган.
30-июндун жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
vikidiki
2018-07-02 05:48:55
Туулган кунун менен. Бир адамга окшоштурам...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан