Бүгүн, 30-июнда Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда плей-оффко чыккан командалардын алгачкы беттеши башталат.
Анда “С” тайпасынан суурулуп чыккан Франция командасы менен “D” тайпасынан чыккан Аргентина курама командаларынын беттеши өтөт.
Оюн Казань шаарында жайгашкан “Казань Арена” стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө старт алат.
Айта кетсек, Аргентина улуттук курамасы хорватиялыктарга 0:3 эсебинде утулуп, Дүйнө чемпиондугунан четтеп калуу коркунучу жаралган. Бирок нигериялыктар Исландия курамасын 2:0 эсебинде утуп, аргентиналыктар менен беттешкен. Жыйынтыгында Аргентина Нигерия командасын 2:1 эсебинде утуп, плей-оффко жолдомо алган.
Ал эми Франция курамасы 26-июнда Дания менен беттешип, бирок алардын оюну 0:0 эсеби менен аяктап, эки команда тең бирден упайга ээ болгон. Жыйынтыгында “С” тайпасынан 7 упайга ээ болгон Франция жана 5 упайы бар Дания 1/8 финалына өтүшкөн.
Аргентина менен Франция командаларынын беттеши бүтүп, саналуу саат өткөн соң “А” тайпасынан чыккан Уругвай командасы менен “В” тайпасынан чыккан Португалия командаларынын беттеши башталат.
Бул командалардын оюну 1-июлда Сочи шаарындагы “Фишт” стадионунда Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 00:00дө старт алат.