Бокс жылдызы Флойд Мейвезер 18 миллион долларга дүйнөдөгү эң кымбат саатты сатып алды

5 салмак категориясы боюнча Дүйнө чемпиону болууга жетишкен америкалык мушкер Флойд Мейвезер дүйнөдөгү эң кымбат 18 миллион долларлык саатты сатып алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

"Акчалуу" (The Money) деген каймана аты бар Флойд көңүлүнө жаккан буюмдан каражат аябай турганын айткан.

“Бул миллиардерлердин сааты деп аталган саат менин жаңы саатым. Бул тууралуу билбесеңиз Google Billionaire Watch´дан издеңиз. Баасы 18 миллион доллар турат” деп спортчу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган.

Айта кетсек, Флойд Мейвезер өткөн жылдын август айында ММА жылдызы Конор МакГрегор менен беттеш өткөрүп, жеңишке жеткен. Аталган беттеш бокс тарыхындагы эң көп каражат түшкөн беттеш болгон. Анда Флойд Мейвезер 400 миллион доллар алганы айтылат.

“Форбс" журналынын иликтөөсү боюнча, Мейвезер эң көп каражат тапкан спортчулардын сап башында турат. Анын бир жылдык кирешеси орточо эсеп менен 80 миллион доллар деп жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Targarien
2018-06-30 16:42:04
Башы жок андан коро ошол акчаны кыргызстандагы муктаждарга салсан кыргыз элинин батасын алмаксын
+3
nemo2016
2018-06-30 16:48:17
ошол акча бизде болсо каарыгыча жетет элего чиркин
+7
talant87
2018-06-30 17:45:05
Бизге берсе 3/2 жеп коймок ээлери
+6
monster_high_98
2018-06-30 18:15:17
Мактанып алганын ишенбесенер Googleдан издеп коргуло, миллионнерлер таккан саат деп
+1
senchi
2018-06-30 18:15:35
Бизнес дейт ушуну, жылдар откондон кийин 2 эсеге коп сатат.
+2
monster_high_98
2018-06-30 18:16:29
Супер, суротун кошо киргизгенде,Дордойдогу сааттар менен салыштырып кормокпуз
+8
senchi
2018-06-30 18:56:22
monster_high_98,хаха
+1
Abvgde
2018-06-30 18:26:27
Айбааанго$$$$
+4
patiydin
2018-06-30 19:19:26
Бизде болсо ат минерлер жемек ортодонтия туруп.
0
pyeon hwa
2018-06-30 19:38:13
кана саат? коруп калайын
+1
Firdaus-Muslim
2018-06-30 20:51:21
Биздин чоңдор укпай калышыптыр да, укканда сатып алышмак.
+3
Bakytalieff
2018-06-30 21:39:42
Мындайда ''Остановите землю,я сойду''дечу беле орустар.....
+3
maks93
2018-06-30 21:53:04
Красавчик базара нет!
0
AKCAHAT
2018-07-01 13:35:38
Иштеген тиштейт.Бироо коп акча коротсо эле бироого бербейбилер кызыксынар.Ал ошол акчага ден соолугун, омурун тобокелге салып ринге чыгат, жылдап даярданат эмгек кылат. Анан кыйналып акча тапса бироого берип койобу? Берсе фонддорго бергендир. Озунорчу озунор айлыгынрдан жок дегенде 300 бироого бересинерби? Тооба. Бироонун акчасын талашканды жакшы коросунор бир.
+2
jbolotov
2018-07-01 20:39:26
Корбогондун коргону курусун болуп ататда. Тайсонда ушинтип журуп акчасыз калды миллионерлердин катары боюнча. Билг Гейтска окшогондор кайрымдуулук учун жылына 400 миллион доллар соопчулука жумшап атышат, эн акча жинди Рокфеллерлерда тапканынын 10% соопчулука жумшашкан.
0
iasin
2018-07-02 10:23:43
Мен саат коруш учун киргем бул жакачы...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан