Эртең Мексикада президенттик шайлоо өтөт, ага 4 талапкер ат салышат

Эртең, 1-июлда Мексикада президенттик шайлоо өтөт. Ага 4 талапкер ат салышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, президенттик шайлоодогу негизги күрөш “Тарыхты бирге жасайбыз” бирикмесинин өкүлү Андрес Мануэль Лопес Обрадор менен “Мексика үчүн алга” коалициясынан көрсөтүлгөн талапкер Рикардо Анайядын ортосунда болору айтылат.

Ошондой эле бул күнү Мексика эли өлкө башчысын гана шайлабастан 128 сенатор менен төмөнкү палатанын 500 депутатын, бир катар губернаторлорду да шайлашат.

Кедейчилик менен жемкорлуктан тажаган Мексика эли бул шайлоонун жыйынтыгынан чоң үмүт артып жатышканы айтылат.

Чет элдик басылмалардын жазганына таянсак, Мексикадагы көйгөйлүү маселе – кылмыштуулук менен күрөш. Анткени соңку жылдары кылмыштуулук болуп көрбөгөндөй өсүп , кылмышкерлердин колунан 25 миңден ашык адам каза тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан