Ош шаарында турак үйдүн чатырынан өрт чыгып, жанаша жайгашкан эч алуучу жайдын чатыры да күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт 29-июнда Ош шаарынын Достук кичи районундагы 44-көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан.
"Өрттүн кесепетинен жалпы 550 метр чарчы болгон кафенин чатыры күйгөн. Өрттөн жабыркагандар жана каза болгондор жок. Өрт саат 04:57де чектөөгө алынып, саат 06:41де толук өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда", - деп жазылат маалыматта.