Бүгүн плей-офф оюндарынын алкагында Орусия-Испания, Хорватия-Дания беттештери орун алат

Бүгүн, 1-июлда Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда плей-оффко чыккан командалардын оюну уланат.

Анда “А” тайпасынан чыккан, үй ээлери аталган Орусия командасы менен “В” тайпасынан чыккан Испания командалары чейрек финал үчүн жолдомону талашат.

Оюн Москвада жайгашкан “Лужники” стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө старт алат.

Айта кетсек, 25-июнь күнү “А” тайпасынын алдыңкылары Орусия менен Уругвай беттешкен. Анда уругвайлыктар Луис Суарес, Единсон Кавани бирден топ киргизип, бир топту орусиялык Денис Черышев өз дарбазасына киргизип алган. Оюн 3:0 эсебинде уругвайлыктардын пайдасына аяктаган.

Жыйынтыгында Уругвай 9, Орусия 6 упай менен плей-оффко аттанышкан.

Ошондой эле бүгүн түнкү саат 12:00дө “D” тайпасынан чыкан Хорватия жана “С” тайпасынан чыккан Дания командалары ойношот. Уткан команда чейрек финалга өтсө, утулганы чемпионат менен кош айтышат.

Эске салсак, плей-оффко чыккан командалардын беттеши 30-июнда башталып, Франция жана Уругвай командалары чейрек финалга жолдомо алышты, ал эми Аргентина жана Португалия чемпионаттан четтетилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Modric10
2018-07-01 13:19:37
бул беттеште Россияны колдойм. сенсация кутом
+4
Miroslav
2018-07-01 13:23:33
Немецтер ишеничти актай албадынар испаняга болет этемго эми.
-1
Omurbek998
2018-07-01 13:27:23
Франция Бразилия
+2
urmat94
2018-07-01 13:31:16
Испания Хорватия чыкса керек менин оюмча
+5
Isco22
2018-07-01 13:48:56
Россия испания беттешинде Россия утсун
0
bond02
2018-07-01 13:55:34
Россия утпайт, так что уктагыла!!!
0
monster_high_98
2018-07-01 14:04:42
Россия все равно чыга албайт, Франция ийгилик
0
kriss120
2018-07-01 14:08:06
Россияны колдогондор уктап еле калгыла.утулду деген созду угуп койосунар ертен
0
Farm94
2018-07-01 15:13:44
Харватия алга
+2
ilgizk
2018-07-01 15:14:37
Россияга ийгилик Россия 5 гол ургулачы испандардын дарбазасына.
+2
ilgizk
2018-07-01 15:14:56
Хорваттарга ийгилик
+3
Mir.mir
2018-07-01 15:15:45
Уругвай Россия
+1
MEDER_KULETOV
2018-07-01 15:45:47
күчтұүсү женсин
+1
jike
2018-07-01 17:01:42
Испания 3:1Россия
-3
Isco22
2018-07-02 12:39:17
Хорватия алга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан