Ким Чен Ын Си Цзиньпинден Түндүк Кореяга салынган санкцияларды жоюуга көмөктөшүүсүн суранды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Кытай дипломаттарынын маалыматтарына таянып жазып чыгышты.
“Ким Чен Ын июнь айында Кытайга болгон иш сапарынын алкагында экономикалык санкциялар өз өлкөсүнө оор зыян келтирип жатканын айтып, салынган санкциялардан арылууга көмөктөшүү үчүн Кытай өлкө башчысынан жардам сураган”, - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле аталган макаланын автору Ким Чен Ындын өз өлкөсүнө жасалган санкциялардын жоюлуусу үчүн баарына даяр экенин жазган.
Эске салсак, 19-июнда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Кытайга үчүнчү жолу келген. Ал эки күндүк сапарында Си Цзиньпин менен жолугуп эки тараптуу карым-катыш абалды талкуулаган. Бул анын 4 ай ичинде Кытайга жасаган үчүнчү сапары болчу. Алгачкы бей расмий жолугушуусу 25-28-март күндөрү болгон. Бул Түндүк Корея лидеринин 2011-жылы бийликке келгенден бери биринчи жолу чет өлкөгө жасаган алгачкы сапары. Андан соң 7-8 май күндөрү Кытайдын Далянь шаарында Си Цзиньпин менен Ким Чен Ын экинчи жолу жолугушкан.