2-июлда Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун плей-офф баскычы уланат. Анда "Самара Арена" стадионунда Бразилия-Мексика командалары чейрек финалга чыгуу үчүн күч сынашат. Беттештин башкы калысы Жанлука Рокки (Италия) болмокчу. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө старт алат.
Буга чейин чейрек финалга Франция, Уругвай, Орусия жана Хорватия курамалары чыккан.
19:47. Бразилия курамасынын тизмеси:
19:51. Мексика курамасынын тизмеси:
19:52. Бул беттеште Бразилия курамасынан Дуглас Коста оюн талаасына алган жаракатынан улам чыкпайт. Ал эми Мексика курамасында бардык оюнчулар беттешке чыгууга даяр.
19:53. Командалар оюн талаасына чыгып, алгач Бразилиянын мамлекеттик гимни жаңырат.
19:56. Мексиканын гимни чыгып, командалар беттешти баштоого даяр.
20:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып, Мексика курамасы топту оюнга кошту.
20:01. Гуардадо сол канаттан чабуулга чыгып, бирок топту жоготуп алды. Топ бразилиялыктардын карамагына өттү.
20:02. Оюн башталганы менен Мексика курамасы атаандашынын айып аянтчасынан кооптуу абал жаратты. Гуардадонун айып аянтчага чыгаруусун Алиссон кайтарган соң топту Лосано кабыл алып сокку узатты. Бирок коргоочу топту тосуп калганга жетишти.
20:03. Коутиньо сол канаттан топ үчүн күч сынашып, эреже бузганга үлгүрдү.
20:04. Неймардын алыскы аралыктан узатылган кубаттуу соккусун Очоа кайтара алды.
20:06. Неймар 2 коргоочуну алдап өтүү аракетин көрүп жатканда оюн эрежеси бузулду. Айып соккуну Неймар аткарат.
20:07. Неймардын айып аянтчага чыгарып берүүсүн, мексикалык коргоочулар кайтара алды. Чабуулда мексикалыктар.
20:08. Мексикалыктар топту бурчтан чыгарышты. Айып аянтчага багытталган чыгаруу Чичаритого жетип, бирок ал офсайд абалында болуп калды.
20:10. Мексикалыктар чабуулга чыгып ийгилик жарата алган жок. Лосанонун соккусу таамай болбой калды.
20:12. Топко мексикалыктар көбүрөөк ээлик кылып, жакшы чабуулдарды аткарууда.
20:14. Бразилиялыктар топко ээ болгон соң дароо аны жоготконго үлгүрдү. Лосанонун айып аянчага кирип келүү аракетин коргоочулар токтотуп койду.
20:17. Бразилиялыктар топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып, аны Виллиан аткарды. Ал таамай болбой, мексикалыктар тез контр-чабуулга чыгып, Ирвинг Лосанонун узаткан соккусу таамай болбой калды.
20:20. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Бразилия - 51 пайыз, Мексика - 49 пайыз.
20:21. Эктор Эррера айып аянтчанын сыртынан топту алып, сокку узатканга жетишти. Бирок ал таамай боло алган жок.
20:23. Неймар сол канаттан айып аянтчага кирип 2 коргоочуну алдап өтүп сокку узатты. Бирок Очоа топту тосконго жетишип калды.
20:24. Коутинього каршы оюн эрежеси бузулуп, айып соккуну Неймар аткарат.
20:25. Неймардын узаткан соккусун кайрадан Очоа кайтарды. Жезус топту сол канаттан тосуп алып 1 коргоочуну алдаган соң сокку узатты. Бирок ал таамай болбой калды.
20:27. Фелипе Коутиньо алыскы аралыктан сокку узатып, тилекке каршы, анын соккусу таамай болбой калды.
20:29. Карлос Вела топту кабыл алып, айып аянтчанын сыртынан сокку узатты. Бирок ал таамай болгон жок.
20:31. Жезус менен Коутиньо айып аянтчага кирип келип, кыска пас аркылуу 3 коргоочуну алдап өтүп сокку узатты. Очоа бул соккуну кайтарганга жетишип, коргоочулар топту алыска чыгарышты.
20:32. Коутиньо алыскы аралыктан сокку узатып, таамай болгон жок. Топ коргоочуларга тийип, талаадан сыртка чыгып кетти. Бразилия топту бурчтан чыгарат.
20:35. Фагнер оюн эрежесин бузуп, калыс аны байкады. Мексикалыктар стандарттык абал менен колдонмокчу.
20:37. Неймарга каршы оюн эрежеси бузулуп, калыс Эдсон Альваресту сары айып кагазы менен белгиледи. Бразилия айып сокку аткарат.
20:38. Айып соккуну Неймар мыкты аткарды, бирок ал бир аз таамай болбой калды. Топ дарбазадан саналган сантиметрлерде өттү.
20:41. Филиппе Луис контр-чабуулга бара жаткан Веланы жыгылтып сары айып кагазын алды.
20:43. Мексикалыктар төмөнкү ылдамдык менен чабуулун жасоодо.
20:45. Калыстын ышкырыгы жаңырып, 1-тайм аяктады.
21:00. Калыс 2-таймга старт берди.
21:02. Коутиньо айып аянтчанын сыртынан сокку узатып, таамай болгону менен Очоа дарбазасын тосуп калды.
21:04. Хесус Гальярдо контр-чабуулга чыгып, алыскы аралыктан сокку узатты. Бирок ал таамай болбой калды.
21:05. Го-о-о-о-л! Эсеп 1:0. Виллиан айып аянтчага кирип келип, Неймарга мыкты чыгарып берүү аткарды, Неймар сокку узатып эсеп санын ачты.
21:06. Мексикалыктар ортодон топту оюнга кошуп, дароо чабуулга чыгышты.
21:07. Мигель Лайюндун узаткан соккусун Алиссон кыйынчылыксыз тосуп алды.
21:08. Эктор Эррера Виллианга каршы эреже бузуп, сары айып кагазын алды. Бразилия айып сокку аткарат.
21:09. Мексика курамасында алмаштыруу орун алды. Эдсон Альварестин ордуна оюнга Жонатан Дос Сантос кошулду.
21:10. Неймар 22 метр аралыктан сокку узатып, бирок топ таамай болгон жок. Мексикалыктар топко ээ болду.
21:13. Неймар айып аянтчадан топту кабыл алып, 11 метрлик чийиндин жанынан мыкты сокку узатты. Бирок Очоа топту тосуп алганга жетишти.
21:14. Каземиро оюн эрежесин бузуп сары айып кагазы менен белгиленди.
21:15. Мексика курамасында оюнчу алмаштыруу. Чичаритону Рауль Хименес алмаштырды.
21:16. Мексикалыктар контр-чабуулга чыгып, Карлос Вела айып аянтчанын сыртынан сокку узатты. Бирок Алиссон топту кайтарганга үлгүрдү.
21:17. Виллиан 1 коргоочуну алдап өтүп, айып аянтчанын ичинен кубаттуу сокку узатты. Бирок бул ирет дагы Очоа жогорку чеберчиликти көрсөтүп, топту кайтарып кетти.
21:19. Учурда топко бразилиялыктар ээлик кылып, кезектеги чабуулунун жасоодо.
21:20. Талаанын орто бөлүгүндө Неймарга каршы оюн эрежеси бузулду. Бразилиялыктар чабуулун улантат.
21:22. Виллиан ылдамдык менен айып аянтчага кирип келип, Неймарга топту чыгарып берди. Неймардын дароо узаткан соккусу коргоочуга тийип, талаадан сыртка чыгып кетти.
21:23. Андрес Гуардадо алыскы аралыктан сокку узатып, аны коргоочулар тосуп алганга жетишти.
21:25. Оюн убактылуу токтотулду. Неймар жаракат алып коргоочулардын жардамына муктаж.
21:27. Беттеш кайрадан уланды. Топ мексикалыктарда.
21:29. Виллиан айып аянтчанын чийининен сокку узатып, аны Очоа тосуп алганга жетишти.
21:31. Карлос Сальседо Неймарга каршы орой ойноп сары айып кагазы менен белгиленди.
21:32. Топко көзөмөл боюнча статистикада Мексика 51 пайыз менен көбүрөөк топко ээ болууда.
21:35. Бразилия курамасында алмаштыруу. Паулиньонун ордуна Фернандиньо оюн талаасына чыкты.
21:36. Оюн убактылуу токтоп калды. Себеби мексикалык футболчу Тиаго Сильвага каршы орой ойногон.
21:38. Мексикалыктар каршылашын кысымга алып, ага топту алууга мүмкүнчүлүк бербей жатат.
21:40. Бразилия курамасында оюнчу алмаштыруу. Коутиньонун ордуна оюнга Роберто Фермино кошулду.
21:42. Го-о-о-о-о-л! Роберто Фермино эсепти 2:0 кылды. Неймар айып аянтчага кирип келип, Ферминого топту чыгарып берген. Фермино 1 кадам менен гол киргизди.
21:44. Беттештин негизги убактысы бүтүп, калыс 6 мүнөт кошуп берди.
21:45. Тито оюнчусун алмаштырды. Виллиандын ордуна оюн талаасына Маркиньос чыкты.
21:47. Андрес Гуардадо орой оюн көрсөтүп сары айып кагазын алды.
21:50. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш аяктады. Бразилия курамасы Мексиканы 2:0 эсебинде утуп алды.
21:51. Бул жеңиш менен Бразилия курамасы чейрек финалдык баскычка чыгып, Бельгия-Япония беттешинин жеңүүчүсү менен кез келет.