Бүгүн, 3-июлда Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда плей-оффко чыккан командалардын оюну уланат.
Анда чейрек финалга чыгуу үчүн акыркы 2 жолдомо ойнотулат. Учурда чемпиондук тактыга күрөш жүргүзүү үчүн Европа жана түштүк америкалык курама командалар гана калды.
Кечки саат 20:00дө F тайпасынын жеңүүчүсү - Швеция менен Е тайпасынан экинчи орунду Швейцария командаларынын беттеши Санкт-Петербург шаарынын "Крестовский" стадионунда өтөт. Бул оюнга словениялык Дамир Скомина калыстык кылмакчы.
Ошондой эле 4-июлга караган түнү саат 12:00дө Н жана G тайпаларынын өкүлдөрү Колумбия менен Англия курама командаларынын оюну орун алмакчы. АКШлык Марк Гейгер калыстык кылган бул беттеш Москва шаарындагы "Открытие Арена" стадионунда өтөт.
Уткан командалар чейрек финалда бири-бири менен бет келишсе, утулганы чемпионат менен кош айтышат.
Эске салсак, буга чейин чемпиондуктун чейрек финалына Уругвай-Франция, Бразилия-Бельгия жана Орусия-Хорватия командалары чыгышкан.