Белгилүү Серб режиссёру Эмир Кустурица Кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде фильм тартуу ниетин билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, режиссёр мындай пикирин Астанада өткөн "Евразия" кинофестивалында билдирген.
"Кустурица Чыңгыз Айтматов анын эң жактырып окуган авторлорунун бири экенин айтты. Муну менен катар ал фильмди Казакстандын талааларында тартууну болжолдоп жатканын билдирди", - деп айтылат маалыматта.
Сербиялык режиссёр "Лөлү тектүүлөр заманы", "Андерграунд" жана башка бир нече белгилүү фильмдерди тарткан. Ал 2 жолу "Канн" кинофестивалында жеңүүчү аталган.