Малайзиянын мурдагы премьер-министри Нажиб Разак коррупцияга айыпталып камакка алынды. Бул тууралуу 3-июлда чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Буга чейин анын жалпысынан 277 миллион долларга бааланган байлыгы мамлекетке тартып алынган болчу. Разактын үйүндө жүргүзүлгөн тинтүү учурунда накталай акча, зер буюмдары жана көп сандагы териден тигилген баштыктар бар болуп чыккан. Бул Малайзиянын тарыхындагы биринчи жолу саясатчынын эң кымбат баадагы мүлкүн камакка алуу болуп эсептелет.
Эске салсак, аталган өлкөдө май айында парламенттик шайлоо өтүп, 92 жаштагы оппозиция лидери Махатхир Мохамад жеңишке жеткен. Жаңы бийлик саналуу күндөрдөн кийин эле Нажиб Разакка жана анын туугандарына өлкөдөн чыгууга тыюу салган. Анткени оппозиция аны коррупцияга малынган, казынадан миллиондогон доллар уурдаган деп айыптап келген.
2009-жылы Малайзиядагы инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо үчүн түзүлгөн 1MDB мамлекеттик инвестициялык фондуна байланыштуу 2015-жылы чыр чыккан. Анда фонддон 3 миллиард 500 миллион доллар уурдалгандыгы белгилүү болгон. Аталган фонддун консультациялык кеңешин башкарган Разакты 700 миллион доллар уурдаган деп айыпташкан.