17-июнь күнү Нарын жана Ысык-Көл облустарына жааган кардан улам 2097 баш мал кырылган. Бул тууралуу вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бүгүн, 26-июнда маалымат жыйында билдирди. Айтымында, жаратылыш кырсыгы келтирген чыгым жалпысынан 17 миллион сомду түзгөн. “Жааган кардан улам эки облуста биригип, 34 жылкы, 67 бодо мал жана 1 697 майда жандык өлдү”,- деди ал. Вице-премьер-министр жаратылыш кырсыгынан жапа чеккендерге өкмөт жардам берүү үчүн бардык чараларды көрүп жатканын билдирди. “Малдарга укол сайылды. Андан сырткары банктарга мал чарбачылыгы үчүн берилген кредитти, мөөнөтүн узартуу боюнча чара көрүү тапшырылды”,- деп кошумчалады ал.