Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик орус драма театрынын жетекчиси болуп Евгений Кузнецов дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
"Бүгүн, 3-июлда тиешелүү буйрукка маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов кол койду. Ал эми театрда эмгектенген жамаатка жаңы директорду министрдин орун басары Айнура Султанбаева тааныштырды", - дейт басма сөз кызматы.
Белгилей кетсек, Евгений Кузнецов 42 жашта. Мурда Бишкек шаарынын мериясында, акыркы учурда өкмөттүн аппаратында иштеген. Жогорку билимдүү. Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы.