Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева 3 судьяга кылмыш иши козголгону боюнча: "Бул окуянын артында эмне турганын божомолдой албайм"

Жогорку Соттун 3 судьясына көзү азиз акынды мыйзамсыз кармоо боюнча кылмыш иши козголду. SUPER.KG порталынын "Бул окуянын артында эмне турат деп ойлойсуз?" деген соболуна Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева жооп берди.

Ал бул окуянын артында эмне турганын божомолдой албай турганын айтты. "Бул окуянын артында эмне турганы боюнча ачык, так жооп бере албайм. Темирлан Ормуковдун иши 15 күндө каралышы керек эле, бирок Жогорку Соттун канцеляриясы аны 30 күндө каралчу иштердин катарына кошуп койгон. Ишти кароо узарып кетип, аны караган судьяларга кылмыш иши козголгон. Бирок менин оюмча, мөөнөттү созуп койгону кылмыш ишин козгоого негиз боло алабы же жокпу деген маселе бар. Тиешелүү органдар юридикалык баа берет. Соттук системдин тарыхында мындай окуя буга чейин болгон эмес", - деди Токбаева.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, мурдагы депутат Асия Сасыкбаева, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, юридикалык илимдердин доктору Кайрат Осмоналиев, юрист Канат Хасановдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан