Швеция курамасы Златан Ибрагимовичсиз деле чейрек финалга өтө алды

Бүгүн, 3-июлда Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун плей-офф баскычы уланат. Анда "Санкт-Петербург" стадионунда Швеция-Швейцария командалары чейрек финалга чыгуу үчүн күч сынашат. Беттештин башкы калысы Дамир Скомина (Словения) болмокчу. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө старт алат.

Буга чейин чейрек финалга 6 курама команда чыкты, алар: Франция, Уругвай, Орусия, Хорватия, Бразилия жана Бельгия курамалары.

19:40. Швеция курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Робин Ольсен ("Копенгаген", Дания).
  • Коргоочулар: Микаэль Лустиг ("Селтик", Шотландия), Виктор Линделеф ("Манчестер Юнайтед", Англия), Андреас Гранквист ("Краснодар", Орусия), Людвиг Аугустинссон("Вердер", Германия),
  • Жарым коргоочулар: Эмиль Форсберг ("Лейпциг", Германия), Виктор Классон ("Краснодар", Орусия), Албин Экдаль ("Гамбург", Германия), Себастьян Ларссон ("Халл", Англия), Густав Свенссонн ("Сиэтл", АКШ),
  • Чабуулчулар: Маркус Берг ("Аль-Айн", БАЭ).
  • Башкы машыктыруучу: Роберто Мартинес (Испания).

19:43. Швейцария курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Янн Зоммер ("Боруссия" М, Германия);
  • Коргоочулар: Мануэль Аканжи ("Боруссия" Д, Германия), Йоан Журу ("Антальяспор", Түркия), Михаэль Ланг ("Базель"), Рикардо Родригес("Милан", Италия).
  • Жарым коргоочулар: Валон Бехрами ("Удинезе", Италия), Блерим Жемаили ("Болонья", Италия), Жердан Шакири ("Сток Сити", Англия), Гранит Жака ("Арсенал", Англия), Стивен Цубер("Хоффенхайм", Германия).
  • Чабуулчулар: Йосип Дрмич ("Боруссия" М, Германия).
  • Башкы машыктыруучу: Владимир Петкович.

19:50. Бул беттеште Швейцария курамасынан Штефан Лихтштайнер жана Фабиан Шер оюн талаасына чыкпайт. Алар буга чейинки беттештерде 2ден сары айып кагаз алышкан.

19:53. Командалар оюн талаасына чыгып, алгач Швециянын гимни жаңырат.

19:57. Швейцариянын мамлекеттик гимни жаңырып, командалар беттешти баштоого даяр.

20:00. Калыс 1-таймга старт берди. Топту оюнга Швеция курамасы кошту.

20:01. Швейцария курамасы дароо чабуулга чыгып, Жердан Шакири алыскы аралыктан сокку узатып, бирок таамай боло алган жок.

20:02. Швеция топко ээлик кылып, чабуулга чыккан. Бирок Маркус Берг оюн эрежесин бузуп, калыс швециялыктардын чабуулун токтотту.

20:03. Швейцария курамасы топту өзүнүн карамагына өткөрүп, чабуулга чыгуу аракетин көрүүдө.

20:05. Форсберг айып аянтчага чыгаруу жасап, ал жактан өнөктөшүн таба алган жок.

20:06. Стивен Цубер алыскы аралыктан сокку узатып таамай боло алган жок. Швеция курамасы дароо контр-чабуулга чыкты.

20:07. Берг айып аянтчага кирип дарбазачы менен бетме-бет келген. Сокку узаткан Берг таамай болгон жок.

20:08. Маркус Берг алыстан сокку узатып, таамай болбой калды.

20:10. Блерим Жемайли Шакиринин чыгарып берүүсүнөн кийин дарбазачы менен бетме-бет кез келген, бирок Жемайли сокку узатканга жетишпей калып, Ольсен топту тосуп алды.

20:12. Шакиринин айып аянтчага чыгарган тобуна өнөктөштөрү жетпей калды. Топ Швециянын карамагында.

20:15. Швейцариялыктар топко ээлик кылып, чабуулун баштоодо.

20:18. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Швейцария - 58 пайыз, Швеция - 42 пайыз.

20:20. Шакири оң канаттан тез контр-чабуулга чыгып, айып аянтчага чыгаруу жасады. Бирок Ольсен топту биринчи болуп алып койду.

20:22. Швеция топту өзүнүн карамагына өткөрүп, дароо контр-чабуулга чыккан. Бирок Бехрами швейцариялык оюнчуну эреже бузуу менен токтотуп койду.

20:23. Цубер айып аянтчанын ичинен топту башы менен дарбазага багыттап таамай боло албай калды. Бул алгачкы кооптуу абалдардын бири болду.

20:25. Соккулар боюнча статистикада Швецияныкы 4 сокку, Швейцарияныкы 3 сокку.

20:27. Янн Зоммер дарбазасын сактап калды. Маркус Берг айып аянтчанын ичинен таамай сокку узатканга жетишти, бирок Зоммер секирип топту тосуп калды.

20:29. Люстик Дрмичке каршы орой оюн көрсөткөнү үчүн сары айып кагазы менен белгиленди. Швейцариялыктар стандарттык абалды аткарат.

20:30. Рикардо Родригес стандарттык абалдан дароо дарбазага багытталган сокку узатты. Аны Ольсен кыйынчылыксыз эле тосуп алды.

20:32. Жака алыскы аралыктан сокку узатып, бир аз эле таамай болбой калды. Топ дарбазанын үстүнөн өттү.

20:34. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Швейцария - 63 пайыз, Швеция - 37 пайыз.

20:37. Жемайли 100 пайыздык мүмкүнчүлүктөн колдоно албай калды. Жемайли айып аянтчанын ичинен топту кабыл алып сокку узаткан, ал 5 метр аралыктан таамай болбой калды.

20:40. Олбин Экдаль мыкты мүмкүнчүлүктөн пайдалана алган жок. Ал айып аянтчанын ичинде коргоочулардын кароосунан бош калып, сокку узатканга мүмкүнчүлүк алып сокку узатты. Бирок ал таамай боло алган жок.

20:44. Швециялык оюнчулар оюн эрежесин бузуп, айып соккуну Шакири аткарды. Бирок анын соккусун дарбазачы тосуп алганга жетишип калды.

20:45. Калыс 1-таймга 1 мүнөт убакыт кошуп берди.

20:46. Калыстын ышкырыгы жаңырып, 1-тайм аяктады.

21:01. Калыс 2-таймга старт берди. Азырынча эсеп 0:0.

21:04. Ола Тойвонен айып аянтчанын ичинен сокку узатып таамай боло албай калды. Тойвонен жакшы мүмкүнчүлүктү коё берди.

21:09. Швейцариялыктар катары менен 4 жолу топту бурчтан кошуу мүмкүнчүлүгүн алып андан ийгиликтүү жыйынтык чыгара алган жок.

21:12. Швециялыктар топту өзүнүн карамагына өткөрүп, чабуулга чыгышты.

21:15. Бехрами оюн эрежесин бузуп, сары айып кагазын алды.

21:18. Форсбергге каршы оюн эрежеси бузулуп, швециялыктар кооптуу айып сокку аткарат.

21:19. Айып соккуну Форсберг аткарып, анын узаткан соккусу футболчулардан түзүлгөн дубалга туш келди.

21:22. Г-о-о-о-о-л! Эсеп 1:0. Форсберг Швецияны алдыга чыгарды. Анын алыскы аралыктан узаткан соккусу коргоочунун бутуна тийип дарбазага кирип кетти.

21:24. Жака эреже бузганы үчүн сары айып кагазын алды.

21:26. Швейцариялыктар гол өткөргөн соң чабуулга активдүүлүк менен чыгууда. Кыска пас алмашуу менен швейцариялык футболчулар атаандашынын дарбазасына жакындап жатышат.

21:28. Швейцария курамасында алмаштыруу орун алды. Бреел Эмболо Стивен Цубердин ордуна чыкты.

21:29. Швейцариялыктарда дагы бир оюнчу алмаштыруу. Блерим Жемайлини Харис Сеферович алмаштырды.

21:31. Швециялыктар чабуулга чыгып, Форсберг командасына топту бурчтан кошуу мүмкүнчүлүгүн алып келди. Форсберг топту бурчтан чыгарып, анын командасы ийгиликтүү сокку аткарганга үлгүргөн жок. Топ Швейцария курамасынын карамагына өттү.

21:36. Швеция курамасында дароо 2 оюнчуну алмаштыруу орун алды. Мартин Ольссон Эмиль Форсбергдин ордуна жана Эмиль Крафттын ордуна Микаэль Лустиг чыкты.

21:38. Беттештин калысы ышкырып, швейцариялыктардын чабуулун токтотту. Эмболо атаандашынын айып аянтчасында оюн эрежесин бузган.

21:41. Дрмич айып аянтчанын сыртынан топту кабыл алып дароо сокку узатты. Бирок топ коргоочуларга тийип Дрмич кайрадан топко ээ болуп Шакириге чыгаруу жасады. Ал эми Шакири айып аянтчага чыгаруу жасап ал ийгиликтүү болбой калды.

21:43. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Швейцария - 64 пайыз, Швеция - 36 пайыз.

21:45. Швеция курамасында алмаштыруу: Маркус Бергдин ордуна Айзек Кисе Телен чыкты.

21:46. Беттештин негизги убактысы аягына жетип, калыс 3 мүнөт кошуп берди.

21:47. Харис Сеферович сол канаттан кубаттуу сокку узатып таамай болду, бирок топту Ольсен тосуп алганга жетишип калды.

21:49. Михаэль Ланг Мартин Ольссонго каршы оюн эрежесин бузуп, кызыл айып кагазын алды. Ал эми башкы калыс швециялыктарга пенальти тебүүгө мүмкүнчүлүк берди.

21:50. Калыс видеокайталоо системинен колдонуп, пенальтини жокко чыгарды. Анын ордуна Швеция курамасы айып сокку аткарат.

21:51. Айып соккудан швециялыктар гол жарата алган жок. Калыс дароо ышкырып беттешти токтотту.

21:52. Муну менен Швеция курамасы 1:0 эсебинде жеңишке жетип, чейрек финалдык баскычка өттү. Анын атаандашы Колумбия-Англия курамаларынын жеңүүчүсү болмокчу.

Айта кетсек, белгилүү футболчу Златан Ибрагимович бул Дүйнө чемпиондугунда Швеция өлкөсүнүн курама командасына чакырылган эмес.

Швеция-Швейцария
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Alixan-Nookat.2015
2018-07-03 21:23:17
Швеция 1 гол киргизди
0
Adhambek
2018-07-03 21:35:33
Швеция утат
0
saint-Petersburg
2018-07-03 23:57:08
Ушул стадиондо иштеп канча адам кидала болду. Арасында менда бар элем
0
jalguzum
2018-07-04 04:19:10
saint-Petersburg, Метро Динамодогу стадиондо иштегендер да кидала болуп журот, ошол стадион кидала менен эле бутуп атат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан