Малайзиянын жаңы өкмөтүндөгү эң жаш министр Сайед Саддик 25 жашта

Малайзиянын жаңы өкмөтүндөгү эң жаш министр Сайед Саддик 25 жашта. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Сайед Саддик Жаштар иштери жана дене тарбия министрлигин жетектейт. Саддик 2018-жылдын май айында өткөн парламенттик шайлоодо 92 жаштагы Махатхир Мохамад башында турган оппозициялык партия жеңишке жеткенден кийин кызматка келген. Сайед Саддик учурда Малайзиянын тарыхындагы эң жаш министр.

Ошондой эле Сайед Саддиктин компьютердик клубда болуп, анын бир нече сүрөттөрү интернетке жарыяланган. Бул нерсени Малайзия коомчулугу кызуу талкууга алууда, айрымдар жаш министр жаштарга жакын болгону жакшы десе, айрымдар катардагы пиар кадамы деп баалашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан