"Аалам периси" сынагына биринчи жолу испаниялык трансгендер катышат

"Аалам периси" сынагына алгачкы жолу испаниялык трансгендер Ангела Понсе катышат. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, 26 жаштагы Ангела Понсе "Испания сулуусу-2018" сынагында 22 атаандашын артта калтырып, таажы тагынган. Жеңүүчү ушул жылдын ноябрь айында АКШнын Лас-Вегас шаарында өтө турган "Аалам периси" сынагына жолдомо алган. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына билдирүү жазып, "Аалам периси" сынагына катышуу анын кыялы экенин билдирген.

Ал 2015-жылы сулуулар сынагына катышып, бирок барселоналык атаандашы Мирея Лалагунага жеңилип калган. Ангела Понсе эркек болуп төрөлгөн. Бирок жынысын бир нече жолу алмаштырып, 2014-жылы акыркы операциясын жасаткан.

Белгилей кетсек, мындан 6 жыл мурда дүйнөлүк сулуулар сынагына трансгендерлер катышууга уруксат берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nanei
2018-07-04 16:38:16
Эми ушу утуп кетип балее болбосун?? Колдорунан,буттарынан билинип турат мурда эркек болгону
+2
Nevestkaa
2018-07-04 16:39:58
3-сүрөттө эле эркеке окшош экен го,калгандарында кыздай элекөрүнөт экен.Мдаа ушу Европа.....ким болуп төрөлсөң ошол боюнча эле өл нары.
+1
vikidiki
2018-07-04 16:41:23
Кудай сактаа!
+1
aibars
2018-07-04 16:53:40
Тигил жакка барганда эркекче жооп берет. Кестирип салган мучолору учун дагы.
0
bond02
2018-07-04 16:56:17
Башкалар жетпей жургонду сен кестирип салыпсын да.
+1
Kymbatym
2018-07-04 22:35:29
Бир караганда эркек экендиги билинип турат белинен кабыргасын алдырганбы?ичке го
+1
Alia82
2018-07-05 09:43:22
Өлааа...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан