2018-жылдагы Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган 59 мектеп бүтүрүүчүсү президент Сооронбай Жээнбековдун колунан "Алтын сертификат" алышты. Алардын арасында Ош шаарындагы М.Ломоносов атындагы №3-орто мектебинин бүтүрүүчүсү Мырзагүл Алмазбек кызы да бар. Мырзагүл мындай ийигиликке кантип жеткенин жана өзү, үй-бүлөсү тууралуу айтып берди.
"11-класс жаңы башталганда эле өзүмө "Алтын сертификат" алам деген максат койгом"
Мен үй-бүлөдө улуу кызмын, менден кийин эки сиңдим бар. Атам кесиби боюнча экономист, ыр жазат, Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, апам дарыгер, Орусиянын Москва шаарында ооруканалардын биринде иштейт.
Мен 11-класс жаңы башталганда эле өзүмө "Алтын сертификат" алам деген максат койгом, албай калганда аябай капа болмокмун.
"3 жыл Орусияда окудум"
8-9-10-классты Орусияда окудум, ал жак менен биздин өлкөнүн билим берүүсүндөгү айырма өтө чоң деп айта албайм, азыраак айырмачылыктар бар. Мен мектеп босогосун аттагандан бери эле жакшы мугалимдерге туш болдум. М.Ломоносов атындагы мектебим Ош шаарындагы эң күчтүү мектептердин бири, балким, ошол себептен айырмачылыкты көп байкаган жокмун.
Бир нерсени айта кетишим керек: Орусияда биздеги Жалпы республикалык тестирлөө сыяктуу Бирдиктүү мамлекеттик экзамен тапшырышат. Ал жакта БМЭнин тапшырганда мектеп теориясын билип, жаттап тапшырыш керек, билбесе тапшыра албай каласың. Ал эми ЖРТ да көбүнчө окуучунун логикасын текшерет экен, мектеп программасын билбесе деле акыл иштетип туура жооп берсе болот экен. Такыр эле оңой деген болбойт, мисалы, мен ЖРТга 4-5 ай даярдандым.
"Тест тапшырып чыккандан кийин баллым 200дөн ашты деп ишенгем"
"Алтын сертификатка" жетүү үчүн мыкты даярдансаң жетүү жеңил эле, аябай деле оор деп айта албайм. Эң башкысы тест тапшырган күнү толкунданбай, сүрдөбөй, ойду бир жерге топтоп жооп бериш керек. Мен тест тапшырган күнү эмнегедир толкунданган жокмун, тесттен чыккандан кийин алган баллым 200дөн ашты деген ишенимим бар эле. Ал эми "Алтын сертификат" алган бүтүрүүчүлөрдүн катарына киремби же кирбей каламбы деген суроолор бар болчу.
"Алтын сертификат" аларымды укканда ыйладым"
Ата-энем, чоң энем, таенем жана башка жакындарым "Алтын сертификат" аласың деп үмүттөнүшкөн, албай калуудан, алардын ишеничин актай албай калуудан аябай корктум.
Мага 13-июнда курбу кызым чалып “сага телефон чалыштыбы, "Алтын сертификат" алгандарга байланышып жатышыптыр” деп айтты. Ошол убактан баштап маанайым түшө баштады. Эртеси апам "ЖРТнын жыйынтыгы чыгыптыр, мектебиңе бар" деп чалды. Мектепке барып да биле албай капа болуп жүрсөм, эжекем чыгып “сенде 219 балл, "Алтын сертификатка" ээ болдуң” деп айтты. Мен аябай сүйүндүм, "Алтын сертификат" аларымды укканда кубанганымдан ыйладым.
"Ата-энеме "өз жеримде, Кыргыз жеринде окугум келет" дедим"
Мен келечекте апамдын жолун жолдоп дарыгер болом, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына тапшырайын деп жатам. Үйдөгүлөр мени Орусиядагы окуу жайларга тапшырат деп ойлошкон, мен өз мекенимде окугум келерин айтканымда, алар түшүнүп, келечегимди өзүм тандоого эркиндик беришти.
Ар бир окуучу алдына максат коюш керек жана ошого жетүүгө аракет кылыш керек. Өзүнө анализ жасап, кайсы сабактардан алсыз, күчтүү экенин аныктап алыш керек. Тест тапшырганда толкунданбай, кадимкидей мектептеги текшерүү ишиндей эле кабылдаш керек. Себеби ал жерде мектепте алган билимиңди эле текшерет да, башка оорчулугу жок.
"Ар бир адамга жанында колдоп тургандар болсо ийгилик жаратат"
Окуучуну жакындары колдоп турса жакшы, кадимкидей күч кубат берет. Мени да жакындарым колдоп турбаганда мындай ийгилик жарата алат белем, билбейм. Ар бир адамга моралдык жактан колдоо керек, ошондо гана ал адам алдыга ишенимдүү кадам таштайт.
Ошондуктан мен ата-энеме, мугалимдериме, мектеп директоруна, класс жетекчилериме, курбуларыма ыраазымын. Менин ийгилигимде алардын да салымы чоң.