"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Самара шаары бир саамга Бразилияга айланды" аталышындагы видео жүктөлдү.
Аталган видео Орусиядагы Самара шаарынын борборунда тартылган. Видеодон шаңдуу майрам, бразилиялык карнавал өтүп жатканын көрүүгө болот. Бул салтанаттуу иш-чара Бразилия-Мексика беттешинин алдында өткөн. Анда көптөгөн бий, музыкалык топтор жана оркестрлер катышкан. Ошондой эле бул майрамды көркүнө бразилиялык добулбасчылар чыгарган.
Чыгармачыл топторго жергиликтүү тургундар жана шаардын коноктору кошулушкан.