Финансы министрлиги укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында мамлекетке кайтарылуучу акча каражаттарын чегерүү үчүн депозиттик эсеп ачты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул депозиттик эсеп – 4402012100014584 “Жалпы мамлекеттик иш-чаралар – укук коргоо органдарынын бирдиктүү депозиттик эсеби” 2018-жылдын 3-июлунда ачылды.
Эсеп ачылгандыгы тууралуу билдирме кат Башкы прокуратурага, Ички иштер министрлигине, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка депозиттик эсепке акча каражаттарын которуу үчүн жиберилди.
Тийиштүү укук коргоо органдары тарабынан Бирдиктүү депозиттик эсепке чегерилген каражаттарды ай сайын эсепке алуу жана аларга мониторинг жүргүзүү Финансы министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылмакчы.