Бүгүн, 4-июлда Малайзиянын мурдагы премьер-министри Нажиб Разактын сотто айыбы угузулуп, камактан 250 миң доллар күрөө менен бошотулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, ага сот ишенимди бузуу жана коррупция боюнча айып таккан. Мындан сырткары мурдагы өкмөт башчы эки дипломатиялык паспортун мамлекетке кайтарып берүүгө милдеттендирди. Нажиб Разак соттук отурум учурунда күнөөсүз экенин айтып, кийинки сотто аны далилдей турганын билдирген.
Камалганга чейин Нажиб Разак премьер-министр болуп турган кезде кылмыштуу иштерге барбаганын айтып, жаңы өкмөт андан жана анын үй-бүлөсүнөн саясий өч алып жатканын айтып сындап келген.
Эске салсак, Нажиб Разак кечээ, 3-июлда коррупцияга айыпталып камакка алынган.