Таиландда жоголгон 12 футболчу жана машыктыруучусун куткаруу иштери уланууда

Таиландда 12 футболчу бала менен алардын машыктыруучусун куткаруу иштери уланып жатат. Аймактагы жаан-чачынга байланыштуу сууну сордурууга адаттагыдан көп күч жумшалууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Кечээ куткаруучулар тарабынан интернетке балдарды куткаруу учурундагы маалымат жарыяланган.

Жергиликтүү маалымат булактары балдардын жанында 1 дарыгер жана 7 куткаруучу бар экенин жазышууда. Учурда балдардын ден соолугу канааттандырарлык экени айтылат. Жалпысынан куткаруу иштерине 1 миңден ашык адам тартылган. Мындан сырткары күн сайын куткаруучулар тобуна башка өлкөдөн барган ыктыярчылар кошулуп жатат.

Эске салсак, үңкүрдөн табылган балдар машыктыруучусу менен 23-июнь күнү Таиланддын Хуахани шаарына жакын жердеги тоого барып үңкүргө киришкен. Ошол учурда жамгыр жаап, үңкүрдүн ичи сууга толуп алар чыга албай камалып калышкан. Жоголгон балдарды издөө иши 24-июнда башталып, бирок эч натыйжа чыккан эмес. Соңку күндөрү издөө жана куткаруу тобуна АКШ, Австралия, Улуу Британия жана Кытайдан келген куткаруучулар дагы кошулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Salman1993a
2018-07-05 20:07:58
Аман эсен табылып калса экендер
0
Jin1209
2018-07-06 00:56:32
Аман эсен тезирээк эле чыгып алышса экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан