Маалым болгондой, Тафас калаасында, Дераа шаарынын түндүк-батышында жана Сайда шаарында абадан сокку урулду.
"Сирия президенти Башар Асад орусиялык авиациянын көмөгү менен өлкөнүн түштүк-батыш аймагында чабуул жасап келет. Алардын максаты – бул аймакты оппозициялык топтон тартып алуу. Укук коргоочулар шаршемби күнү Сайда шаарына бомбалар ташталганын кабарлады. Оппозиция өткөн ишембиде согушту токтотуу жөнүндө Орусия менен макулдашууга аракет жасаган. Бирок орток чечимге келе алышкан эмес", - деп айтылат маалыматта.