Бүгүн, 27-июнда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов 2010-жылдын апрель айынан бери ушул жылдын июнь айына чейин аткарган жумуштары тууралуу отчёт берүүдө. Мэр алгач 26-июнда маалымат каражаттарына “мэрдин жубайы шаардагы “Бишкек парк” соода үйүнүн 25 пайыз акциясынын ээси экен” деген маалыматтарга пикирин билдирди. “Бул мага карата жалган жалаа жабуу, мен отчёт берердин алдында атайын жасалган иш”,- деди шаар башчысы. Анын айтымында, өзү жана жакындары аталган соода үйүнүн эч кандай акциясына ээ эмес жана тиешеси жок.