Президент Сооронбай Жээнбековдун мык жана жиптен тартылган портрети сатыла элек. Бул тууралуу аталган портреттин автору Азамат Жаналиев билдирди.
Анын айтымында, сүрөттү ишембиге чейин сатыш керек болууда. "Адамдар бул портреттин баалуулугун түшүнбөй жатышса керек. Бир күнү бул чыгарма миллиондогон суммага бааланат. Аны азыр сатып алган адам кийин "арзан баада алган экенмин" деп айтат. Эгер 2500 долларга сатсак, 10 пайызын мага сатууга жардам берген адамга берем", - деди сүрөтчү.
"Айрымдар мени мык жана жипти сатууда деп ойлоп жатышат. Бирок андай эмес. Залкар жазуучулар тамгалар менен кагаздарды, скульпторлор ылай же колону сатышкан эмес да. Эгер искусствону баалабасак, биз тирүү, бирок өлүк адамдардай болобуз.
Жээнбековдун портрети мен үчүн өзгөчө баалуу. Анда үмүт, сүйүү жана адилеттүүлүк камтылган. Анда кыргыз элинин бириккени, биримдиктин жана ынтымактын символу бар. Бул сүрөт бизди өлкөнүн жаркын келечеги үчүн биригүүгө чакырат", - дейт Жаналиев.
Айта кетсек, 29-июнда сүрөтчү Азамат Жаналиев президент Сооронбай Жээнбековдун мык жана жип менен тартылган портретин сатыкка койгонун билдирген.
Буга чейин ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун үстүнөн УКМКга арыз жазган. Ал 2017-жылы Илмиянов андан Атамбаевдин портретин 10 миң долларга сатып алып, 2 миң 500 долларды аванс катары берип, калганын бербей койгонун айткан.