Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 1 килограмм баңгизат менен 47 жаштагы тажик жараны кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. 26-июнда жол-кайгуул кызматкерлери Хендай үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшергенде, ичинен аталган өлчөмдөгү баңгизат чыккан. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.